Бишкекте Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) борбордук аппаратынын жаңы имараты ачылды. Ага президент Садыр Жапаров баштаган бийлик өкүлдөрү катышты.
Жапаров азыркыдай дүйнөдөгү “тез өзгөрүп жаткан шарттарда улуттук коопсуздуктун мааниси болуп көрбөгөндөй артып жатканын” айтты. Бул имарат бардык керектүү шарты менен салынганын кошумчалады.
“Президент УКМК конституциялык түзүлүштү, аймактык бүтүндүктү коргоо, терроризмге жана коррупцияга каршы күрөшүү, контрчалгындоо ишмердүүлүгүн жана аналитикалык иштерди жүргүзүү боюнча эң маанилүү милдеттерди аткарып, мамлекеттин ишенимдүү таянычы болуп калганын айтты”,-деп жазылган президенттин басма сөз кызматы тараткан маалыматта.
Расмий маалыматка ылайык, соңку төрт жылда УКМКга таандык жалпы 94 объект, анын ичинде 73 административдик имарат, 7 бала бакча жана 14 социалдык турак жай имараты пайдаланууга берилген.
Былтыр сентябрда УКМКнын академиясы ачылган.
Шерине