Акыйкатчы институту Оштогу Өзгөн районунун Алга айылындагы бүтүрүүчүлөрдүн 20 жылдык кечесине баргандан кийин күйөөсүнүн колунан мерт болгон Айзирек аттуу келиндин балдарына, жакындарына укуктук жардам берерин билдирди.
Учурда анын артында калган беш баласын маркумдун күйөөсүнүн бир тууган агасы камкордукка алууга даярдыгын айтканын маалымдады.
Аталган институт былтыр аялдарга жана балдарга жасалган зомбулукту изилдегенин, жыйынтыгында тийиштүү мамлекеттик органдардын ишине көзөмөлдү күчөтүүгө байланыштуу өкмөткө, Башкы прокуратурага кат жолдогонун белгиледи.
Былтыр омбудсменге үй-бүлөдөгү зомбулуктан улам 40 кайрылуу түшкөн, быйыл жыл башынан бери беш жаран кайрылган.
Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев 30-майда маркум келиндин Өзгөнгө караштуу Кызыл-Октябрь айылындагы ата-энесине барып, куран окуп, көңүл айткан. Ал Айзиректин балдарын Ош шаарында окутуп, жатакана, тамак-аш жана кийим-кече жактан жардам берилерин убада кылган.
Келинди өлтүрүүгө шек саналып анын күйөөсү, Кара-Кулжа районунун тургуну камалган. Милиция бул окуянын чоо-жайы тууралуу кеңири маалымат берген эмес, бирок Айзиректин туугандары күйөөсү аны атып салганын билдиришкен.
Муфтий Абдулазиз Закиров жума күнү аялдарга жасалган зордук-зомбулукту айыптап атайын билдирүү жасаган.
Соңку жылдары Кыргызстанда аялдарга жана балдарга каршы үрөй учурган зомбулук фактылары катталып жатат.
Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда былтыр 17 миңден ашык үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Бул 2023-жылга салыштырганда 32,1% көп.
Башкы прокуратура Кыргызстанда 2,5 жылда 34 аял үй-бүлөлүк зомбулуктун кесепетинен мерт болгонун кабарлаган. Маалыматка караганда, тогуз окуя 2024-жылдын алты айында катталса, 2023-жылы 18, 2022-жылы жети аял зомбулуктун курмандыгы болгон.
Шерине