Орусия Батыштын Украинага каршы агрессияны токтотуу, тынчтыкка келүү тууралуу чакырыктарын көз жаздымда калтырып келатат. Киевдин жана Европа өлкөлөрүнүн Орусия Украинага кол салганы, согушту токтотпой жатканы үчүн Москвага каршы кошумча санкцияларды жарыялоо тууралуу АКШ президенти Дональд Трампка жолдогон чакырыктары да азырынча жоопсуз бойдон турат.
Трамп Орусияга каршы "кыйратуучу" чараларга эгер ошондой кадамдын убактысы келип жетти деп эсептегенде гана барарын айтып эскерткен. Бирок азыркы күнгө чейин ал андайга убакыт жете электигин билдирип, эгер жаңы санкциялар жарыяланса Украинада тынчтыкты орнотуу үчүн көрүп жаткан аракетине залака тийип калат деп чочулап турганын, мындай кадам орус президенти Владимир Путиндин позициясын ого бетер бекемдетиши ыктымал экенин бир нече жолу айтты.
28-майда Ак үйдө журналисттердин Москвага каршы жаңы санкцияларды жарыялоого эмне тоскоолдук болуп жатканы тууралуу суроосуна жооп берген Трамп:
"Келишимге жакындап калдым деп турган чакта ошондой кадамга барып, баарын бузуп албашым керек деген ой гана. Андайдын убактысын туура мерчемдөө зарыл", - деди.
Убактысы качан келет? Келсе АКШнын жаңы чаралары кандай болот?
"Алардын саясаты кандай болору жөнүндөгү маселе көп эле талкууланды. Бирок азыркы тапта план кандай болушу мүмкүн, түшүнүксүз", — деген ою менен "Эркин Европа/Азаттык" радиосуна Вашингтондо жайгашкан Жаңы америкалык коопсуздук борборунун (Center for a New American Security) санкциялар боюнча эксперти Рейчел Зиемба бөлүштү.
Серепчилер белгилегендей, масштабдуу санкциялардын кезектеги топтомунун азыркы кезде жарыяланышы Москва үчүн жагымсыз кесепеттерди алып келери анык, анткени мунайдын баасы төмөндөп, пайыздык чендер жогорулап жаткан шартта Орусиянын экономикасындагы көрсөткүчтөр начарлоодо. Өткөн айда Лондондогу Capital Economics консалтинг компаниясы орус экономикасындагы абал тууралуу "оор конуу" болушу ыктымал деген божомолун жазган, адатта мындай термин оор рецессия жөнүндө сөз болуп жатканда колдонулат.
Орусияга карата колдонулушу ыктымал чаралар кандай болорун Трамп азырынча так айта элек. АКШнын андай чаралары тууралуу кеп болгондо Конгресстеги эки палатада биргелешип талкууланып жаткан мыйзам долбоору көңүл борборуна чыгууда. Аталган мыйзам долбоорун иштеп чыккандардын башында сенаторлор Линдси Грэм (республикачы, Түштүк Каролина штаты) жана Ричард Блюментал (демократ, Коннектикут штаты) турат.
Эгер аталган долбоор колдоо таап, мыйзам катары иштей баштай турган болсо Москванын Украинага каршы ачкан согушун колдогон орусиялык банктарга жана башка мекеме-уюмдарга түздөн-түз, ал эми алар менен иштешкен башка өлкөлөргө, ал жактагы компанияларга жана адамдарга таасири кыйыр түрдө тие турган санкциялар жарыяланат.
Ошону менен катар кайсы гана өлкө болбосун, билип туруп "Орусияда өндүрүлгөн мунай, уран, жаратылыш газын, мунай азыктарын же мунай-химиялык заттарды саткан, жеткирип берип турган же сатып алып жаткандар" АКШга товар импорттогусу келсе эң азы 500 пайыздык төлөм төлөөгө милдеттүү болуп калат. Бул тууралуу мыйзам долбоорунда жазылган.
Орусиянын химиялык энергия берүүчү продукциясын эң ири көлөмдө сатып алган өлкөлөрдүн сап башында Кытай, Индия жана Түркия турат.
Сенаторлор билдиргендей, аталган мыйзам долбоорунун максаты — "Кытайды Орусиянын көмүскө флотунан арзан баадагы мунай сатып алып, ошону менен Путиндин согуш машинасын колдогону үчүн жоопко тартуу. Талдоочулардын айтымында, орус бийлиги өзүнүн бул кирешелүү продукциясына байланышкан санкцияларды кыйгап өтүү үчүн дал ошол көмүскө флотун — эскирген, ээси ким экени күмөн болгон жүздөгөн кемелерди колдонууда.
Мунай экспорту Орусиянын федералдык бюджетинин киреше бөлүгүнүн үчтөн бирин камсыздаган тармак.
Көмүскө флот
Орусиялык банктарга каршы түз жана алардын ишмердүүлүгүнө байланыштуу кыйыр санкциялар, Рейчел Зиембанын пикиринде, орус экономикасын чалынта турган олуттуу чектөө болмок.
Түз санкциялар америкалык мекеме-уюмдарга орусиялык банктар менен кызматташууга тыюу салат, ал эми кыйыр санкциялар орусиялык банктар менен иштешкен чет өлкөлүк уюмдарды, ишкана-компанияларды АКШ долларынан жана каржы системасынан четтетип жазалайт. Бүгүнкү күндө орусиялык банктар менен бизнес жүргүзүп, дагы эле кызматташуусун улантып жаткан чет өлкөлүктөр арасында Кытайдын каржы мекемелери да бар.
Бирок, талдоочу Зиембанын пикиринде, мыйзам долбоорун Конгресстин комитеттеринде талкуулоо уланууда, демек, андагы чаралар "жумшартылышы" да толук мүмкүн. Ошондой эле ал үчүнчү өлкөлөргө карата тарифтер түрүндөгү чара азыркы тапта анча орунсуз деп эсептейт. Буга эксперт Трамптын администрациясы быйыл апрель айында глобалдык масштабдуу тарифтерин жарыялагандан кийин жаралган терс реакцияны мисал келтирди.
Зиемба Конгресстеги эки партия биргелешип даярдап жаткан мыйзам долбоору оболу АКШ канчалык чечкиндүү экенин Путинге көрсөтүү үчүн гана даярдалып жаткан чыгар деп да эсептейт. Сенаттын 100 мүчөсүнүн 80ден ашууну бул мыйзам долбоорунун автору катары катталышты, муну менен алар Конгресстин жогорку палатасында орусиялык агрессияга каршы маанай канчалык күч экенин көрсөтүштү.
Долбоор санкцияларды мыйзам түрүндө бекемдөө үчүн да иштелип жаткан болушу ыктымал. Анткени ал аркылуу жарыялана турган санкциялардын айрымдары АКШнын буга чейинки президенти Жо Байдендин тушунда эле киргизилген.
"Таасири бара-бара тие турган мыйзам долбоору, балким, тез эле чоң натыйжа бере баштабасы мүмкүн, бирок ал келечекте Трамптын администрациясына же башка администрацияга санкцияларды токтотуп коюшун оорлото турган каражат катары таасирлүүрөөк болушу ыктымал", — дейт Зиемба.
Трамп Сенаттагы мыйзам долбоорун колдойбу же жокпу, азырынча эч нерсе айта элек. Сенаторлордун демилгеси тууралуу суроого жооп берип жатып Ак үйдүн басма сөз катчысы Кэролайн Ливитт Трамп "тынчтык келишими сүйлөшүү жолу менен түзүлүшүн көргүсү келерин так айтканын" жана "болгон варианттардын баарын сүйлөшүү үстөлүнүн үстүнө коюп бергенин" айтканын The New York Times жазды.
Трамптын сынчылары ал Орусияга каршы жаңы каржылык санкцияларды жарыялоого Путин менен мамилесин жогору баалагандыктан гана чыгына албай жатканын белгилешерин айткан Зиемба мындай шартта АКШ-Орусия жана Украинадагы согуш маселесинен башка да кооптонууну жаратуучу жагдайлар бар экенине көңүл бурууда:
"Трамптын администрациясындагылар каржылык санкцияларды ашкере колдоно берүү доллардын дүйнөлүк соода-сатыктагы ролуна залака тийгизиши, башка өлкөлөр АКШнын кызыкчылыктарына жана коопсуздугуна зыян алып келүүчү оомо инфраструктура түзүп алышы ыктымал деп эсептешет".
Кыялбы же чындыкпы?
Айкын болуп турган мисал: мунайдын наркынын чектелиши. Санкциянын мындай түрү 2022-жылы Кошмо Штаттар жана Европа Биримдиги Орусиянын Украинадагы согушунун натыйжасында алган кирешесин чектөө, дүйнөлүк энергетика рыногундагы туруктуулукту кармап туруу деген жүйө менен киргизилген. Бирок алардын бул максатына жооп катары Орусия кемелердин көмүскө флотун түзө калып, өзүнүн мунайын Батыштын колу жетпей турган базар шартында ташып жатат.
Тынчтык сүйлөшүүлөрү тууралуу сунуштарга көнбөй жатат деп G7 бирикмеси мунайдын бир баррелинин баасынын жогорку чегин 60 эмес, 50 доллар деп бекитүүнү сунуш кылды. Financial Times басылмасы жазгандай, Трамптын администрациясы бул сунушту четке какты. Мунун өзү, эксперт Зиемба белгилегендей, же Трамп азырынча Орусияга каршы жаңы санкция жарыялабай коё турмай болгонун, же мындай баа жакпай жатканын айгинелейт. Анткени эгер мунайдын баасына ошондой чек коюлса Кошмо Штаттардын Кытай жана Индия сыяктуу атаандаштарына гана пайда алып келет.
Талдоочунун пикиринде, G7 өлкөлөрү көмүскө иштеп жаткан флотту чектей турган санкцияларды жарыялабаса мунайдын дүйнөлүк баасына кандайдыр бир чектөө коюудан майнап деле чыкпайт.
Эгер Путин тынчтык сүйлөшүүлөрүн улам создуктура берсе Орусиянын мунай өнөр жайына, анын ичинде көмүскө флотуна да каршы санкцияларды катаалдатуу ал үчүн "олуттуу эле сокку болорун" "Эркин Европа/Азаттык" радиосуна курган маегинде АКШнын Ишкердик институтунун (American Enterprise Institute) улук илимий кызматкери Леон Арон билдирген:
"Мындай чара анын эч болбогондо тынчтык тууралуу олуттуу ойлоно баштоосуна түрткү болмок".
Конгресстин Өкүлдөр палатасыннын 1995-1999-жылдардагы төрагасы, республикачы Ньют Гингрич Трамптын администрациясы экономикалык гана санкциялар тууралуу ойлобошу керек деп эсептейт. Ал Кошмо Штаттар Украинага аскердик жардамдын санын да, сапатын да "дароо жогорулатышы зарыл" экенин айтууда.
"Путин эмнени тандоону билбей отуруп калганда гана токтойт. Андан башка кандай гана стратегия болбосун, анын баары куру кыял, ал согушту дагы эле узартып, эч күнөөсү жок адамдардын мындан да көп каза болушун уланта берет" деп Гингрич Х социалдык түйүнүндөгү баракчасына жазды.
Эмне болгон күндө да Трамп Путинге басым жасаш үчүн кандай чара көрөт, деги эле андай кадамга барабы, июнь айында гана белгилүү болот.
28-майда Ак үйдө журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып Кошмо Штаттардын президенти "Ал бизди кайсы бир кадамга түртүп жатабы же жокпу, аныктайбыз. Эгер ошондой кылып жаткан болсо бизден бир аз башкачараак реакция болот. Бирок бул үчүн 1,5-2 апта талап кылынат".
Макаланын автору Todd Prince
Шерине