Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:01

Журналисттер Украинада каза болгон орус аскерлеринин 110 608и тастыкталганын аныкташты


Украинадагы согушта каза болгон аскерлердин мүрзөсү. Орусия, 5-май 2025-жыл
Украинадагы согушта каза болгон аскерлердин мүрзөсү. Орусия, 5-май 2025-жыл

"Медиазона" басылмасы жана БиБиСинин орус кызматы Украинадагы согушта орус армиясынын 110 608 аскери каза болгону тастыкталганын аныкташты.

Журналисттер ыктыярчылар менен бирге өз санагын социалдык тармактардагы посттор, каза тапкандарга көңүл айтуу, көрүстөндөр өңдүү ачык булактардагы маалыматтарга, мамлекеттик базалардагы кыйыр статистикага таянып жүргүзүшөт.

Алар бул сан согушта өлгөн аскерлердин бардыгын камтыбаганын белгилешет.

Жоготуулар Орусиянын региондоруна текши бөлүштүрүлгөн эмес. Мисалы Алтай же Тывадан чыккан эркектер уруштан кайтпай калат деген ыктымалдык Москва тургундарына караганда 30-40 эсе жогору.

Алтай республикасында набыт болгондордун дээрлик жарымын 2022-жылдан кийин орус армиясы менен келишимге кол коюп, майданга ыктыярдуу кеткендер түзөт.

Ал эми Тывада каза тапкандардын ар бир төртүнчүсү согушка колониядан айдалган соттолгон адамдар.

Мындан эки жума мурун ушул эле эки медиа Орусия Украинага кол салгандан бери кеминде 108 608 орусиялык жаран мерт болгонун билдиришкен.

Бул статистикага орусиячыл жикчилдер арасындагы жоготуу кирбейт жана согушта өлгөнү же дайынсыз жоголгону тууралуу ачык айтылбаган учурлар кошулбайт.


Шерине

XS
SM
MD
LG