Репрессия курмандыктарын актоо боюнча комиссиянын курамын Жогорку Кеңеш бекиткенден кийин биринчи жолу жыйынга чогулду. Аталган комиссия 21 кишиден туруп, курамына парламент депутаттары, тарыхчы, окумуштуулар, коомдук уюмдардан өкүлдөр кирген.
Комиссиянын төрагалыгына Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясынын (УИА) Тарых, археология жана этнография институтунун директору, тарыхчы, академик Абылабек Асанканов шайланды.
Ошондой эле комиссиянын алдында 18 кишиден турган жумушчу топ түзүү чечими кабыл алынып, мүчөлөрү аныкталды. Ага тарыхчылар жана архив менен иштеген адистер, ошондой эле репрессия темасында жазып жүргөн изилдөөчүлөр мүчө болду.
Жумушчу топту "Ата-Бейит" улуттук тарыхый мемориалдык комплексинин директору, тарых илимдеринин доктору, коопсуздук кызматынын отставкадагы полковниги Болот Абдырахманов жетектейт.
Жумушчу топ мурда жашыруун саналып келген репрессияга байланышкан архивдерди изилдеп, комиссияга маалыматтарды берип турат.
“Саясий жана диний ынанымы үчүн, социалдык, улуттук жана башка белгилери боюнча куугунтуктан жапа чегип акталган граждандардын укугу жана гарантиялары жөнүндө” жана “Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө” мыйзамдарына өзгөртүү киргизүү жөнүндө” мыйзамына президент Садыр Жапаров 2024-жылдын 31-декабрында кол койгон.
Документте 1918-1924-жылдардагы “кызыл террор” жана 1929-1953-жылдардагы сталиндик репрессия мезгилиндеги окуяларды түшүнүүгө жана аларга саясий баа берүүгө убакыт келгени жазылган. Бул жылдар аралыгында саясий жана диний ишеними үчүн, улуттук жана башка белгилери боюнча куугунтукка алынган, өлтүрүлгөн миңдеген адамдар ушул күнгө чейин толук акталып, реабилитация боло электиги белгиленген.
1937-1938-жылдары күч алган репрессияда Кыргызстандан 20 миңден 40 миңге чейин адам өлүм жазасына тартылганы ар кандай булактарда айтылат.
Ошол кездеги коомдук ишмерлер, интеллигенциянын алдыңкы өкүлдөрү “эл душманы” деген жалаа менен атылып кеткен. Алардын айрымдарынын сөөгү көмүлгөн жер 50 жылдан ашык убакыттан кийин гана белгилүү болгон. 1938-жылы 5-7-8-ноябрь күндөрү атылгандардын арасында Төрөкул Айтматов, Иманалы Айдарбеков, Баялы Исакеев, Касым Тыныстанов баштаган интеллигенциянын 137 өкүлү болгон. Маркумдардын сөөгү 1991-жылы 30-августта жаңы негизделген "Ата-Бейит" көрүстөнүнө арууланып кайра коюлган.
Сталиндик репрессия маалында жалпы СССР калкынын 1,7 миллиону камалып, алардын миллионго жакыны атууга кеткен. Советтер Союзунун курамындагы 11 республиканын жашоочулары өз жеринен зордоп көчүрүлүп, ушундай эле кысымга 48 улуттун өкүлү жарым-жартылай кабылган.
Шерине