Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев 26-майда Баткендин Кадамжай районуна караштуу Айдаркен шаарында жергиликтүү эл менен жолугушууда кыргыз-өзбек чек арасын тактоого байланыштуу маалымат берди.
"Регион" телеканалынын башчысы Өткүрбек Рахманов ал жолугушуу тууралуу маалымат таратып, Ташиев буга чейин Чечме булагы талаштуу болуп келгенин, чек ара такталгандан кийин Кыргызстанга өткөнүн маалымдаганын билдирди.
"Чечме булагы эми талаштуу эмес жана ал толугу менен Кыргызстандын балансына жазылды, бул маселеге чекит койдук. Бирок булактын суусун Өзбекстан тарап менен буга чейин болуп келгендей, ортодо пайдаланабыз. Коңшуларыбыз дагы анын суусун пайдаланат, биз дагы ал суудан пайдаланабыз, бул боюнча мамлекеттик деңгээлде келишилди",-деп билдирген Ташиев.
УКМКнын төрагасы ошондой эле кыргыз-өзбек чек арасы такталгандан кийин Кыргызстандын картасы чоңойгонун жарыялаган.
"Кыргыз Республикасынын жалпы аянты мурда 19 миллион 995 миң 89 гектарды түзгөн. Өзбектер менен картаны толук чийип алып бүткөндөн кийин кыргыз тарап алган 15 572 гектарды кошкондо биздин картабыз 20 миллион 10 миң 661 гектарды түздү. Башкача айтканда, картабыз чоңойду".
2022-жылы ноябрда өзбек өкмөт башчысы Абдулла Арипов Фергана облусундагы Сох районуна жакын жайгашкан, өз убагында эки өлкөнүн ортосунда катуу чырга себеп болгон Чечме булагына байланыштуу орток пикир табылганын билдирген. Ага ылайык, булакты бирге пайдалануу, тазалоо жана башка маселелер жөнгө салынат деп белгилеп, аны тараптар өзүнчө макулдашарын кошумчалаган.
Кыргыз-өзбек чек арасына байланыштуу делимитация жана демаркация жараяны аяктаганын президент Садыр Жапаров 2023-жылы 27-январда Бишкекке өзбек президенти Шавкат Мирзиёев мамлекеттик сапар менен келгенде жарыялаган. Андан кийин чек араны демаркациялоо боюнча жумуштар жүрүп жатканы айтылган.
Шерине