Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:05

"Дүйнөдөгү эң оор гуманитардык кризис". Йемен элин унутта калтырган согуш


Израилдин аба соккусунан кийин Санаа эл аралык аэропортунда кыйраган учак.
Израилдин аба соккусунан кийин Санаа эл аралык аэропортунда кыйраган учак.

Соңку он жылда Йемендеги абал дүйнө жүзүндөгү эң оор гуманитардык апааттардын бирине айланды. 20 миллион киши, бул — өлкө калкынын жарымынан көбү, жардамга муктаж абалда күн кечирүүдө.

Гуманитардык уюмдардын жана эксперттердин белгилешинче, жайкын тургундарга жардамды каржылоонун кыскарышы, АКШнын жана Израилдин абадан соккуларынын күчөшү жана жаңы санкциялар өлкөдөгү ансыз да оор кырдаалды ого бетер курчутууда.

Быйыл январь айында Кошмо Штаттар Йемендин эл эң жыш отурукташкан аймактарын көзөмөлдөп турган, Иран колдогон хусилерди чет элдик террордук уюм деп жарыялаган. Ошондон эки ай өткөндөн кийин Вашингтон бул өлкөгө көрсөтүп келаткан бардык гуманитардык жардамын токтоткон.

Ошол эле маалда америкалык жана израилдик аскерлер хусилерге колдоо жана жардам жөнөтүлүп туруучу "чынжырчаны" үзгүлтүккө учуратыш үчүн портторго, аэропортторго сокку уруп жатты. Анын алдында хуси күчтөрү АКШнын жана Израилдин объектилерин ракета жана дрон менен бутага алган.

Йемен боюнча эксперт, Жеймс Мэдисон университетинин профессору Бернд Каусслердин пикиринде, гуманитардык жардамдын токтотулушу жана хусилердин террордук уюм деп жарыяланышы иш жүзүндө йемен элин «абсолюттук катастрофа» абалына кептейт:

«Бир да гуманитардык уюм хусилер көзөмөлдөгөн райондорго азык-түлүк жана башка гуманитардык жардамын дээрлик жеткире албай калды. Анткени АКШ өкмөтү жарыялаган санкцияларга илингиси келбеген банктар кайсы бир көйгөйгө туш болуудан коркушат».

Ушул аптада Брюсселде гуманитардык маселелер боюнча жогорку кызматтагы өкүлдөрдүн жетинчи отуруму өткөнү жатат. Аны утурлай жардам көрсөтүүчү 115 уюм дүйнө лидерлерине кайрылып, Йемен элине жардамды күчөтүүгө чакырышты. Алардын белгилешинче, бул өлкөдөгү 2014-жылы тутанган жарандык согуш башталгандан бери быйылкы жыл эң оор болушу ыктымал.

22-майга карата маалымат боюнча, Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) 2025-жылга Йеменге гуманитардык жардам көрсөтүү боюнча 2,48 млрд долларлык планы 10% гана каржыланды. Европа Биримдиги 80 млн евро (91 млн доллар) бөлүп берүүнү убада кылган, бирок бул сумманын дагы 15% гана бөлүнүп берилди.

Кыйроодо калган өлкө

Йемен Жакынкы Чыгыштагы эң жакыр өлкө. Түндүгүндө Сауд Арабиясы менен, чыгышында Оман менен чектешет. Батыш тарабында Кызыл деңиз, түштүгүндө Араб деңизи жайгашкан. 2004-жылдан бери анын ички жаңжалдарында Иран колдогон хусилер олуттуу роль ойной баштаган.

2014-жылы Йеменде жарандык согуш тутанып, хуси козголоңчулары эл аралык деңгээлде таанылган сунни өкмөтүн кулатып, борбор калаа Санааны ээлеп алышкан.

Азыркы тапта хусилер өлкөнүн түндүк-батышынын көпчүлүк бөлүгүн, анын ичинде Кызыл деңиздеги портторду, азык-түлүк жана күйүүчү май ташуудагы негизги жай болуп эсептелген Ходейда шаарын көзөмөлдөп турат.

Согуш жылдары Йемендин экономикасын дээрлик талкалап, миллиондогон жайкын тургундун жашоосун жакырчылыкка, ачарчылыкка кептеди. БУУнун эсептөөсү боюнча, согуштун алгачкы жети жылында каза тапкан 377 миң адамдын өлүмүнө ачарчылык жана медициналык жардамдын жоктугу негизги себеп болгон.

Улуттар Уюмунун адистери беш жашка чейинки курактагы йемендик балдардын дээрлик жарымы тамакты тоё жебегендиктен өсүп-өнүгүүсү нормага жетпейт деп билдиришкен.

Профессор Каусслер балдардын тагдырына узак мөөнөттөн бери терс таасирин тийгизип жаткан мындай абалды «өтө оор» деп баалап, алардын көпчүлүгү ошо бойдон толук калыбына келе албай каларын эскертти.

Кошмо Штаттар буга чейин Йемендин эң негизги донору болуп келди. Соңку он жыл аралыгында АКШ өкмөтү жардам иретинде дээрлик 5,9 млрд доллар бөлүп берди. Бул каражат Европа Биримдиги бөлгөн жардамдан үч эсе көп. Бирок эми Вашингтондун мындай жардамы токтоду.

Кызматка киришкенден тартып АКШнын азыркы президенти Дональд Трамп Кошмо Штаттардын Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин (USAID) программаларын дээрлик токтотуу тууралуу чечим кабыл алып, чет мамлекеттерге гуманитардык жана өнүктүрүүчү жардам мындан ары эми Вашингтондун саясий артыкчылыктарына жараша гана бөлүштүрүлүп турарын билдирген. Кийин программалардын көбү кайрадан калыбына келтирилгени менен Йемен жана талибдер башкарып турган Ооганстан тизмеге кирбей калган.

Америкалыктар бөлүп жаткан каражаты барып эле хусилердин колуна тийүүдө деген кооптонуусун билдирип, себеби алар жардам жөнөтүлүп жаткан аймактарды көзөмөлдөп турарын жүйө келтиришкен.

Каусслер андай ыктымалдык чын эле бар экенин, бирок жардамдын токтотулушу ансыз да туруктуулук жок болуп турган аймактагы бул өлкөдө абалды ого бетер оорлоторун жана Кытайдын ал жакка өз таасирин күчөтүшүнө жол ачып берерин белгилөөдө.

Бөгөттөлгөн жана бомбаланган жардам

Amnesty International эл аралык укук коргоо уюму белгилегендей, АКШнын жаңы санкциялары бир нече гуманитардык уюмду хусилер көзөмөлдөгөн аймактардагы ишин токтотууга аргасыз кылды. Башкы кеңсеси Улуу Британияда жайгашкан Islamic Relief кайрымдуулук уюму санкциялардын айынан банктык тейлөө, каражат которуу чектелгенин кабарлап, жардамдын жайкын тургундарга жетишин камсыздоочу жолдорду караштырып көрүүгө чакырды.

Ал тапта АКШ жана Израил хусилердин Кызыл деңиздеги кемелерге кол салууларына, Израилдин аймагын ракета менен аткылоолоруна жооп иретинде аларга таандык жайларга каршы соккуларын улантышты. Израил Ходейда портун жана Санаанын аэропортун хусилер көзөмөлдөй турганын, аларды курал-жарак ташуу үчүн колдонорун белгилеп, ошондуктан бутага алганын билдирген.

Islamic Relief уюму 20-майда жарыялаган билдирүүсүндө өтө зарыл инфраструктура объектилерин аткылоо «экономикалык жана психологиялык жактан кыйынчылык гана жаратпастан, гуманитардык уюмдардын кызматкерлерине калктын эң муктаж катмарларына жетүүсүнө тоскоолдук кылып жатканын» айтты.

Хусилер жардамдын жеткирилишине тоскоолдук жаратышат

2024-жылдын июнь айында хусилер БУУнун жардам таратуу иш-чарасы учурунда анын жана дагы бир нече гуманитардык уюмдун 13 кызматкерин кармап кеткени белгилүү болгон. Укук коргоо уюмдарынын маалыматына караганда, 2014-жылдан бери хусилер жүздөгөн жайкын тургунду, анын арасында гуманитардык кызматкерлерди каалаган жерден кармап кетип, кыйноого алды, алардын көпчүлүгүнүн тагдыры андан ары эмне болгонун эч ким билбейт.

Бул маселе да Йемендин карапайым калкына жардам бергиси келген, ошол жакта иштеп жаткан гуманитардык уюмдарды этият болуп, активдүүлүгүн токтотушуна алып келди.

«Унутта калган согуш»

Бернд Каусслердин белгилешинче, Йемендеги согуш уланып келе жатканына он жылдан ашып, гуманитардык абал улам оорлоп баратса да дүйнө коомчулугунун бул көйгөйгө мамилеси, жардам берүү аракети жетишсиз бойдон кала берүүдө.

«Йемен унутта калган согуш боюнча келе жатат. Ал баарыбыздын жамааттык абийирибизден тыш калды. Йемендиктерди коргойм деген эч ким жок», — деди ал.

Макаланын автору Todd Prince

Йемен: Санаа шаарына сокку урулду
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:38 0:00

Шерине

XS
SM
MD
LG