Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Май, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:40

Казакстанда репрессия курмандыктарын эскерүү акцияларына уруксат берилбей жатат


Репрессия курмандыктарын эскерүү. Алматы шаары.
Репрессия курмандыктарын эскерүү. Алматы шаары.

Казакстанда жарандык активисттерге саясий репрессиялардын жана ачарчылыктын курмандыктарын эскерүү күнүнө карата акция уюштурууга уруксат берилбей жатканын 24-майда "Азаттыктын" казак кызматы жазды. Жалпысынан он шаарда жергиликтүү бийлик акцияга уруксат сурап кайрылган активисттерге түрдүү себеп менен баш тартканы маалым болду.

Айрым шаарларда эскерүү иш-чарасы өтө турган аянтча бош эмес экенин айтышса, кээ бирлеринде акимчиликке жазылган арыз туура эмес толтурулганын жүйө келтирип, баш тартышкан. Акция уюштуруу демилгесин көтөрүп чыккандардын көбү бийликти сындап жүргөн активдүү жарандар, айрымдары түрдүү себеп менен кармалып, административдик жазага тартылгандар. Алар азыркы казак бийлигинин тушунда да пикирин ачык билдиргендер репрессияга, куугунтукка кабылып жатканын айтып жүрүшөт.

Казакстандык укук коргоочулар түзгөн "саясий туткундардын" тизмесинде бүгүнкү күндө 30га жакын киши бар, алар белгилүү активисттер, журналисттер, оппозиционерлер.

Бийлик Казакстанда саясий куугунтук да, саясий туткундар да жок экенин айтууда.

Саясий репрессиялардын курмандыктарын эскерүү күнү Казакстанда 1997-жылдын 31-майында негизделген. Өткөн кылымдын 1921-1954-жылдары Казакстанда советтик бийликтин коллективдештирүү саясатынын кесепетинен жаралган ачарчылык 2 миллионго жакын адамдын өмүрүн алган, ал эми "эл душманы" деп атууга кеткендер 100 миңге чамалаган. (RK)

Шерине

XS
SM
MD
LG