Орусияда “Новая газета Европа” басылмасынын атайын кабарчысы Илья Азарды камакка алуу боюнча сыртынан өкүм чыкты. Ал “жагымсыз уюмдун” ишмердигин уюштурууга айыпталууда.
Соттун маалымат базасына ылайык, Азарды камоо боюнча чечим жума күнү, 23-майда кабыл алынды. “Жагымсыз уюмдун” ишмердигин уюштуруу беренеси боюнча Азар 6 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн. Майдын ортосунда Орусиянын Ички иштер министрлиги Азарга издөө жарыялаган.
“Новая газета Европа” басылмасы Азарга каршы кылмыш иши орусиялык мурунку муниципалдык депутаттар түзгөн “Бейпил Орусиянын депутаттары” ассоциациясынын ишмердигине байланыштуу болушу ыктымалдыгын билдирүүдө. Ассоциациянын алгачкы съезди 2023-жылдын октябрында өткөн. 2024-жылдын августунда Башкы прокуратура аны “жагымсыз уюм” деп жарыялаган. Москванын прокуратурасы ассоциациянын төрт мүчөсүнө – мурунку муниципалдык депутаттар Илья Азарга, Галина Фильченкого, Нодари Хананашвилиге жана Игорь Глекке карата кылмыш ишин козгоону талап кылган.
Апрелде Орусияда алардын батирлеринде тинтүү жүргөн.
Шерине