Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Май, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:34

"Кыздарды үйүндө зордукташкан". Орус аскерлеринен кордук көргөн украиндер


Запорожьедеги кыйраган үйдүн тургуну, 11-ноябрь, 2024-жыл.
Запорожьедеги кыйраган үйдүн тургуну, 11-ноябрь, 2024-жыл.

Украинанын Орусия басып алган аймактарында жашаган миңдеген тургун зордук-зомбулукка кабылса, айрымдарын уурдап кетишкен. Азаптан аман кутулгандар кандай кордук көргөнүн, адам чыдагыс шартта кармалып, ар намысы тепселгенин айтып беришкен.

Татьяна Типакова орус бийлигинин оккупациясына каршы чыгып, тагдырдын татаал сыноосуна кабылгандардын бири.

Ал 2022-жылы орус аскерлери камагандан кийин башынан кечирген азап-тозокту азыр дагы унута албайт.

Татьянаны бир нече ай узуну 3 метр, туурасы андан эки эсе кууш камерада кармашкан.

"Алар колунда эмне болсо ошону менен уруп, тепкилешчү. Кээде китеп, кээде таяк менен койгулачу" - дейт Татьяна.

Андай учурда кандай болсо дагы багынба деп өзүнө өзү дем бергенден башка аргасы жок эле:

"Эгер жыгылсаң кайра турушуң керек. Жатып калсаң тепкилешет, жаның андан бетер кыйналат".

Типакова The Guardian, Azov Sea News, IStories басылмаларынын иликтөөсүндөгү орус күчтөрү уурдап жана кыйноо көрсөткөн системанын курмандыктарынын бири гана.

Amnesty International эл аралык уюму белгилегендей, Орусия күч менен каратып алган украин шаар-кыштактарындагы мектептерде, өндүрүш жайларында же үйлөрдүн жертөлөсүндө жогорудагыдай камералар арбын.

Татьяна башкалар кандай кордук көргөнүн айтып берди. "Биздин арабызда айрым кыздарды үйлөрүндө энелеринин көзүнчө зордукташкан. Анан балдарынын көзүнчө энелерине асылышкан" деп эскерет ал.

Мындай кордук аз келгенсип, кармалгандардын кайда экенин алардын жакындарына айлап, жылдап айтпай коюшкан. Алардын үй-бүлөлөрү өлүү-тирүүсүн дагы билген эмес.

IStories басылмасынын иликтөөчү журналисти Полина Ужвак согуш туткундарынын баары уруп-сабоо, денесине зым ороп, электр тогу менен урдурган азапты тартканын белгилейт:

"Кармалгандарды кыйнап, сабап, маалымат алууга аракеттенишет. Алардын баары ушундай ырайымсыз мамилеге туш болгон. Алар киши эч нерсе билбесе дагы сабашат. Айрыкча эркектин баары кордук көргөн".

Ужвактын сөзүнө караганда, кармалгандардын айрымдарын үйлөрүнө коё беришет:

"Кээде кишилерди уурдап кетип, канча бир убактан кийин кайра коё беришет. Башкаларын Орусиядагы түрмөгө жиберишет. Аларды кийин туткун алмашканда гана бошотуп кетишет. Бирок туткундардын тизмесине аз-маз гана киши илинет".

Херсон райондук кеңешинин депутаты Роман Баклажов орус аскерлеринин колунда 54 күн туткунда отурган. Украинанын оккупацияланган аймактарында орус күчтөрү жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн кармап, кыйнаган окуялар кадимки көрүнүшкө айланган.

Баклажов украиндерди кармап камаган камералар эч кимге жашыруун эмес экенин айтат.

"Кыйноо көрсөткөн камералар жертөлөлөрдө, менчик үйлөрдө - бардык жерде. Каховкадагы жана Жаңы Каховкадагы мектептердеги, полиция бөлүмдөрүндөгү андай жайларды элдин баары билет" - дейт бийлик өкүлү.

Бучадагы кыргындын үрөй учурган чындыгы
please wait

No media source currently available

0:00 0:29:05 0:00

Украинанын бийлиги он миңдеген жаран дайынсыз экенин жарыялаган. Маалыматтарга караганда, алардын көбү орусиялык күчтөрдүн туткунунда отурат.

"Змина" деп аталган укук коргоо борборунун өкүлү Борис Петрунюк кийинки учурларда орус аскерлери кармалгандарды маалымат алуу үчүн эмес, Орусияга коркунуч туудурбайбы деп текшерип калганына токтолду:

"Эми алардын максаты - украиндердин иденттүүлүгү менен өз улутуна канчалык берилгендигин аныктоо. Андай адамдар Орусиянын оккупациясын кабыл алабы же жокпу, деги эле алар канчалык коркунуч туудурарын аныктоого бурулду".

Мен көргөн Украина
please wait
Embed

No media source currently available

0:00 0:37:41 0:00

Шерине

XS
SM
MD
LG