Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:51

Украинадагы согуш туткундары


Украин жоокери орусиялык сепаратистти камакка алган учуру. Украина, Луганск. 18-август, 2014
Украин жоокери орусиялык сепаратистти камакка алган учуру. Украина, Луганск. 18-август, 2014

Human Rights Watch жана Amnesty International адам укугун коргоочу уюмдар Чыгыш Украинадагы жаңжалда адам укуктары одоно бузулгандыгы үчүн эки тарапты тең айыптады.

Алар жарыялаган докладда өздөрүн көз карандысыз деп атап алган "Донецк жана Луганск элдик республикаларынын" өкүлдөрү адамдарды уурдап, мыйзамсыз камакка алып, кыйнагандыгы жазылган. Ушундай эле айып Украинанын бийлигине да коюлган.

39 жаштагы Вадимди 2015-жылы Украинанын көзөмөлүндө турган Славянск шаарынан өзүнүн кичи мекени Донецкке бараткан жолдо Украин аскерлери кармап алып, “Орусиянын тыңчысы” деген божомол менен өздөрүнүн базасына алып барып, ур-токмокко алышкан.

Андан кийин Вадимди Украинанын коопсуздук кызматынын өкүлдөрү алып кеткен. Алар Вадимдин денесин тамеки менен күйгүзүп, электр тогу менен урдуруп, “орусиянын тыңчысы” деген айыпты мойнуна алдыра албай, дагы бир жарым ай кыйнаган.

- Булар адамдарды жалгыз гана алмашуу максатында туткундап алып, сотсуз, тергөөсүз эле алардын тагдырын сындырышат. Жок жерден аларды террорист, сепаратист кылып коюшат. Булар заказды аткарат. Жалпы өлкөгө “дагы бир террорист кармалды” деп айтыш керек да. Мен тамаша деген эмне экенин унуттум, күлбөй, жылмайбай да калдым. Өзүмдүн бүт өмүрүм көз алдымдан өттү. Кудайдан үйгө аман-эсен кайтып келишимди эле тилеп жүрдүм.

Алардан эптеп бошонуп, Донецкке кайтып келгенинде орусиялык сепаратисттер аны Украина коопсуздук кызматына тыңчылык кыласың деген шектин негизинде, кайра камап, аны күндө сабап, медициналык жардам көрсөтпөй, дагы эки ай туткундаган.

Эң кызыгы, Украинанын бийлик өкүлдөрү да, Донецктин өкүлдөрү да адамдарды жашыруун кармай турган абактардын бар экендигин танып келет.

Көп учурда дайынсыз жоголду делген жарандар туткундарды алмашууга келгенде гана тирүү экени билинип, алар ошол убакка чейин туткунда жүргөндүгү маалым болот. Согушкерлер бейкүнөө адамдарды алмашуу максатында уурдап кетип жүргөн учурларды эки эл аралык укук коргоочу уюмдар ачыкка чыгарды.

- Туткунда жүргөндө түшүңө жакшы түш кирбейт. Күндө ажалыңды күтүп ойгоносуң. Анын качан келерин да билбейсиң. Күндө бирөөдөн ур-токмок жейсиң. Кечинде бизге бир кесе кургак ботко беришет. Аны берерден мурун да токмоктойт. Согушкерлер окоптон келип, жуунуп, тамак жеп, анан арак ичип, мас болушат. Алар үчүн бизди кыйноо - көңүл ачуунун бир түрү болуп калган. Мен алар үчүн жөн гана оюнчук болчум, - дейт согуштун дагы бир курмандыгы Валентин.

Адам укуктары боюнча адистешкен эки чоң - Human Rights Watch жана Amnesty International адам укугун коргоочу уюмдун доклады көрсөткөндөй, мындай учурлар көп кездешет. 2014-жылдын апрель айынан тартып мыйзамсыз камалган, кыйноолорго дуушар болгондордун саны 9400гө жеткен.

Вадимге, Валентинге окшогон бейкүнөө кишилер согуштун чыныгы курмандыгы болуп, тирүү келгени тирүү келип, дайынсыз жоголгондордун тирүү же өлүү экени белгисиз бойдон калууда.

Human Rights Watch уюмунун өкүлү Таня Локшина чыныгы абал алар докладда изилдеген учурлардан да кайгылуу экенин айтат.

​- Биз курман болгондордун так санын айта албайбыз. Бирок биз азыр жалпы көйгөйдү көрө алдык. Биздин иш-аракеттерибиз жаранын үстүн эле тырмап аткандай болуп атат. Чыныгы проблема биз докладда жазгандан алда канча чоң. Чыгыш Украинадагы адамдардын дайынсыз жоголуп кеткен учурлар, алардын абактагы кыйноолорго дуушар болушу токтош керек. Согушуп жаткан эки тарап кыйноолорго жол бербеши керек. Алар эл аралык адам укуктарын сыйлашы керек - дейт Human Rights Watch уюмунун өкүлү Таня Локшина.

Киевдин расмий өкүлдөрү уюмдун доклады тууралуу иликтөө иштерин жүргүзүүнү убада кылды. Ал эми Донецк менен Луганск бул докладды “чындыкка туура келбеген” маалыматтар деп атады.

XS
SM
MD
LG