Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Оштун Төлөйкөн айылында Ак-Буура суусуна түшүп кеткен 13 жаштагы баланын сөөгү табылганын билдирди. Кырсык тууралуу куткаруучуларга 15-майда маалымат түшкөн. Издөө иштери 16-майда уланып, ага жалпы 250дөн ашык адам тартылган.
Аталган министрлик буга байланыштуу Папан суу сактагычы убактылуу буулганын кабарлаган.
Буга чейин ӨКМ жана синоптиктер жаан-чачындуу аба ырайыга байланыштуу дарыялар кирип, сел, суу ташкын коркунучу бар экенин эскертип келген.
Дагы караңыз
Шерине