Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:01

Өкмөт Кызыл-Омполдо кен казууга даярдык жүрүп жатканын билдирди


Кыргыз өкмөтү тараткан сүрөт.
Кыргыз өкмөтү тараткан сүрөт.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев 15-майда Ысык-Көл облусунун аймагында жайгашкан Кызыл-Омпол кенине барды. Өкмөттүн басма сөз кызматынын билдиришинче, титаномагнетит бар деген Таш-Булак участкасында кен иштетүүгө даярдык менен таанышты.

"Аткарылып жаткан иштер туралуу "Кыргызалтын" ишканасынын төрагасы Кубат Абдраимов маалымат берип, курулуш активдүү иштери жүрүп жатканын билдирди. Делегация титаномагнетит рудалары бар Таш-Булак кенин иштетүүнүн жүрүшү менен таанышты. Бакыт Төрөбаев анда "бул долбоор алгач башталганда ага көбү ишенбегенин, азыр реалдуу жыйынтыктар бар экенин айтты",-деп жазылган маалыматта.

Былтыр ноябрда ошол кездеги өкмөт башчы Акылбек Жапаров Кызыл-Опмолду иштетүүгө мамлекет каражат тапканын билдирген.

Расмий маалыматка ылайык, Тоң районундагы Кызыл-Омпол тоо-кен участогу 1951-жылы ачылган. Ачык маалыматтарда СССРдин убагындагы чалгындоо иштеринде анда жалпысынан 13 миң тонна уран бар экени такталганы айтылат. Геологдор Кызыл-Омполдо уран, торий, цирконий, титан, фосфор, талаа шпаты жана башка заттардын кени уюп жатат дешет.

Президенттин басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, Кызыл-Омполдо болжол менен 14 млн 757 миң тонна кен бар. Анын ичинен 95% титаномагнетит, 3% фосфор, 2% цирконий, 0,22% торий жана 0,17% уран.

2019-жылы жазында Кызыл-Омпол уран кенин иштетүүгө байланыштуу чуу чыккан. Бир катар жергиликтүү тургундар, жарандык активисттер кендин казылышына каршы нааразылык акцияларын өткөрүшкөн. Ушундай эле акциялар Бишкекте да болгон.

Ушундан улам өкмөт кенди казганы жаткан “Кыргызстандагы ЮрАзия” компаниясынын лицензиясын токтоткон.


Шерине

XS
SM
MD
LG