5-майга караган түнү Москва облусунун Подольск шаарына жакын жерде төрт дрон атып түшүрүлдү. Бул тууралуу Москва шаарынын мэри Сергей Собянин Телеграм-каналына жазды.
Мэр жабыркагандар жана кыйроо жоктугун жазды.
Подольск Москванын түштүк тарабына жакын жайгашкан шаар. Абадан коргонуу системаларынын интерактивдүү картасынан көрүнүп тургандай шаар туш тараптан "Панцирь" зениттик-ракеталык коргонуу комплекси менен курчалган.
Орусиянын Коргоо министрлиги да Москва облусуна өткөн түнү учурулган төрт дрон тууралуу расмий кабар таратты.
Украина бул тууралуу комментарий бере элек. Өткөн түндөрү украиндердин учкучсуз аппараттары аннексияланган Крымдагы, Краснодар крайындагы жайларды бутага алганы маалым болгон.
Москва облусуна буга чейин март айында да дрон менен чабуул болгону кабарланган.
Орусиянын Коргоо министрлиги 4-майдын кечинде өлкө аймагы боюнча 26 украиналык дрон атып түшүрүлгөнүн билдирди.
Министрликтин маалыматында, 17 дрон Брянск облусунун аймагынан, бешөө Калугадан атып түшүрүлгөн. (AiA)
Шерине