Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:06

Трамп NBC каналына маегинде Украинадагы ок атышууну токтотуу аракеттерине баа берди


Дональд Трамп.
Дональд Трамп.

АКШ президенти Дональд Трамп жекшембиде NBC News телеканалына курган маегинде Орусия- Украина согушун токтотуу боюнча тынчтык келишимине жетерине ишенерин айтты.

Журналист Киев менен Москванын ортосунда келишим жакынбы деп сураганда, Трамп: "Буга үмүт артам" деп жооп берди. Ал кошумчалагандай, "АКШ бул максатка жакындап калды, бирок бир тарап менен жакын, экинчи тарап менен анча жакын эмес", - деди, бирок кайсы өлкө тууралуу сөз болуп жатканын тактаган жок.

Трамп мындай келишимге жетишүү мүмкүн болбой калышы ыктымалдыгын, анткени "жек көрүү өтө күчтүү" экенин белгиледи.

"Бул эки адамдын (ред: - байкалып тургандай, Зеленский менен Путин) бири-бирине жек көрүүсү күч. Ошондой эле айрым аскерлердин, ачык айтканда, генералдардын ортосунда да жек көрүү бар. Алар үч жылдан бери согушуп жатат", - деди Трамп.

Анан Трамптан сүйлөшүүлөрдөн качан баш тартууга аргасыз болосуз деп сурашканда, ал мындай учур "эч нерсе жасай албай турганына көзү жеткенде болорун” айтты.

4-майда NBC News телеканалына чыккан маегинде Трамп үчүнчү мөөнөткө барууга “олуттуу карабай турганын” билдирди. Бирок бара турган болсо "жетиштүү колдоо табарын" белгиледи. .

"Бул мен каалаган нерсе эмес", - деп айтты Трамп журналист Кристен Уэлкер менен болгон маекте.

АКШнын учурдагы президенти төрт жылдык жаңы мөөнөттү “сонун” өткөрүп, андан соң бийликти “идеалында бир республикачылга” тапшырууну каалай турганын айтты.

Вице-президент Жей Ди Вэнс менен мамлекеттик катчы Марко Рубионун ишин мактады. Бирок ал “ыктымал мураскор тууралуу азыр айтууга али эрте” экенин кошумчалады.

  • АКШнын Мамлекеттик департаментинин өкүлү Тэмми Брюс жакында өткөн маалымат жыйынында билдиргендей, АКШ Орусия менен Украинанын ортосундагы тынчтык сүйлөшүүлөрүнө мамилесин өзгөртүп жатат. Анын айтымында, эми АКШ "дүйнөнүн бир жеринен биринчи чакырык түшкөндө эле учуп барып, сүйлөшүүлөргө ортомчу болбойт". Брюс белгилегендей, мамлекеттик катчы Марко Рубио АКШнын сүйлөшүүлөргө катышуу форматы өзгөрөрүн, бирок тынчтык орнотуу аракеттерин колдоосу уланарын белгилеген. Акыркы жумаларда АКШ ортомчулук ролун активдүү аткарбай калышы мүмкүн экенин Рубио, вице-президент Жей Ди Вэнс жана президент Дональд Трамп да айткан.
  • Ал эми АКШ Конституциясынын 22-өзгөртүүсүнө ылайык, "бир адам президенттикке эки мөөнөттөн ашык шайлана албайт". Трамптын учурдагы президенттиги анын экинчи мөөнөтү болуп эсептелет. Бирок март айында Трамп президенттикке кайра кайтып келүү мүмкүнчүлүгү тууралуу айтканда, “бул тамаша эмес” экенин билдирген. Ошондо "мындай кадамга барууга жол берген ыкмалар бар" деп, буга так түшүндүрмө берген эмес. Анын бул билдирүүсү АКШ Конституциясынын жана Трамптын стратегиясынын тегерегинде талкууга жем таштаган.

Шерине

XS
SM
MD
LG