Орусиянын Курск облусунун губернаторунун милдетин аткаруучу Александр Хинштейн жекшембиде Будище айылынын эки тургуну Украинанын аба күчтөрүнүн соккусунан жараат алганын билдирди. Ал Телеграм-каналына дарыгерлер жараат алгандардын абалын орто деп баалашканын жазды.
Белгоорд облусунун башчысы Вячеслав Гладков 4-майда украин дрону Борисов районундагы Богун-Городок айылында автобуска сокку урганын социалдык тармактагы баракчасына жазды. Анын айтымында, үч киши жараат алган.
Орусиянын Коргоо министрлиги 4-майдын кечинде өлкө аймагы боюнча 26 украиналык дрон атып түшүрүлгөнүн билдирди.
Министрликтин маалыматында, 17 дрон Брянск облусунун аймагынан, беши Калугадан атып түшүрүлгөн.
Кечинде жана түнү Архангельск, Мурманск, Курск, Воронеж, Тула, Орлов, Иванов облустарында абадан эскертүү берилген. Бул аймактарда дрон атып түшүрүү боюнча эч кандай маалымат бериле элек.
Киев адатта мындай маалыматтарга комментарий бербейт.
Шерине