Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:48

Украин аскерлери орусиялык Су-30ду деңизден атып түшүрдү


"Магура" катери
"Магура" катери

Украинанын Коргоо министрлигинин башкы чалгын кызматы 2-майда орусиялык кыргын салуучу Су-30ду Кара деңиздеги экипажы жок "Магура" катерине орнотулган зениттик жабдык менен атып түшүргөнүн билдирди.

Новороссийск портунан анча алыс эмес жерде Орусиянын Кара деңиз флоту жайгашкан. 3-майда украиналык аскерлер Краснодар крайына учкучсуз учактар менен чабуул койгон.

Мекеменин Телеграм-каналына илинген видеодо орусиялык учактын кыйрашы тартылган. Талкаланган учактын баасы 50 млн доллар турат.

Билдирүүдө "бул деңиз дрону менен дүйнөдө аскердик учакты биринчи жолу жок кылуу" экени жазылган. Муну менен катар мекеме 2024-жылы 31-декабрда украиндердин чалгын кызматы орусиялык Ми-8 эки тик учагын деңиз дрону менен талкалаганын эске салган. Орусиялык расмий булактар анда бир гана тик учак жок кылынганын айтышкан.

Орусиянын Коргоо министрлиги бул боюнча маалымат бере элек. Бирок орусиялык аскердик Телеграм-каналдар Су-30 деңиз дрону менен атылганын моюнга алышты. "Рыбарь" Телеграм-каналы кыргын салуучу учак Новороссийскиден 50 чакырым алыс жерде атылганын жазды. Алардын билдиришинче, экипаж өзүн куткарууга жетишип, аларды жарандык суучулдар куткарып калган. Украинаны жактаган "Крым шамалы" каналы учкучтарды Панаманын желеги менен жүргөн "Виктория Форчун" кемеси куткарып калганын билдирди.


Шерине

XS
SM
MD
LG