Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:40

АКШда 25 жаштагы кыргызстандык дайынсыз болууда


Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШда 25 жаштагы А уулу Б аттуу кыргыз жараны изделип жатканын ырастады. Учурда Кыргызстандын АКШдагы элчилиги ал өлкөдөгү тиешелүү органдар менен иш алып барууда.

Элчилик жарандын туугандары менен байланышта болуп, зарыл чараларды көрүп жатканы кабарланды.

Буга чейин социалдык тармактарда АКШда Аскар уулу Барчын аттуу кыргыз жараны бир айдан бери дайыны чыкпай жатканы жөнүндө маалымат тараган. Ал Вашингтондо жашап жүргөнү айтылууда.

Жоголгон жаран Америкада окуп же иштегени жөнүндө маалымат жок. АКШда жүздөгөн кыргыз мигранттары бар. (TSh)


Шерине

XS
SM
MD
LG