Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:18

Кыргызстандагы суу ресурстарынын көлөмү изилденет


Кыргызстан.
Кыргызстан.

Суу көйгөйлөрү жана гидроэнергетика институту жакынкы жылдары Кыргызстандагы суу ресурстарынын көлөмүн изилдеп чыгат. Ага ылайык, республикадагы майда суу, көл, дарыялардын баары эсепке алынат.

Бул тууралуу Илимдер академиясы аталган институттун жетекчиси Рысбек Сатылкановго шилтеме берип билдирди.

Маалыматта алдыдагы жылдары Чоң-Кемин, Аламүдүн, Ала-Арча суулары жана алар агып түшкөн коктулардын башында канча мөңгү калганы жана алардын аянты канчалык деңгээлде өзгөргөнү иликтенет.

Институт бул үчүн дрондорду колдонуп, карта түзөрү белгилүү болду.

"Ал карта эмнеге керек? Ал 100 метр бийиктиктеги аяттарды эсептеп чыгат. Аянттар аныкталган соң модульстоп менен суунун көлөмүн эсептеп алабыз. Чоң-Кемин, Аламүдүн, Ала-Арча, жалпы Чүйдө ушундай ири иштерди жасап, андан кийин Талас сууларын эсептөөнү пландап жатабыз. Эмдиги жылы Нарынды, Кумтөрдөн баштап Токтогул суу сактагычына чейин Нарын суусунун көлөмүн эсептеп чыгышыбыз керек. Андан кийинки жылы Ысык-Көл сууларын эсептейбиз", - деген Сатылканов.

Адистин белгилешинче, изилдөө 5-6 жылдык убакытты алып, 2030-жылга барып гана өлкөдөгү суу ресурстарынын көлөмү белгилүү болот.

Сатылканов быйыл ишти баштоо үчүн Министрлер кабинети акча бөлгөнүн, алдыдагы беш жылда ишти аяктап калышарын айткан. Аталган институт мындай ишти 25 жыл мурда жасаганын, андан бери каражат жоктугунан эсептөө жүрбөй, мекеме-уюмдар ар кандай маалыматты айтып жатканын кошумчалаган.

Аталган институт Нарын дарыясы канчалык өзгөрүп жатканын билүү үчүн чет элдик илимий өнөктөштөр менен программа даярдаган. Долбоорду ишке ашыруу үчүн өкмөткө арыз берилген. Акча бөлүнсө, алдыдагы эки жылда Нарын дарыясынын көлөмү жөнүндө божомол даяр болот.

Бишкекте 29-апрелде “Климаттын өзгөрүү шартында Кыргызстанда суу-энергетикалык ресурстарга божомол жана тактоо көйгөйлөрү” темасында илимий-практикалык конференция болуп өткөн. Ага бир катар жергиликтүү адистер жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышып, жер алдындагы жана жер үстүндөгү сууларды коргоо, мөңгүлөрдү сактоо, алардын акыркы 100 жылдан берки абалы боюнча докладдарын окушкан.

Борбор Азиядагы жерди прикладдык изилдөө институтунун маалыматында акыркы 70 жылда Кыргызстандагы мөңгүлөрдүн аянты 16%, ири мөңгүлөрдүн аянты 17% кыскарган.

Быйыл март айында жарыяланган БУУнун Айлана-чөйрө программасынын Атласында Кыргызстанда 1960-2023-жылдар аралыгында орточо температура 1,2 градуска көтөрүлгөнү көрсөтүлгөн.

Атласта белгиленгендей, абанын температурасынын көтөрүлүшү менен табигый кырсыктардын да саны көбөйгөн. Өлкөдө орто эсеп менен 200 өзгөчө кырдаал катталса, анын 90% суу ташкыны, жер титирөө, жер жана кар көчкүлөрү.

Адистер соңку жылдары климаттын өзгөрүшү менен жайкы аба ырайы жаз мезгилине жылганын айтышууда. (ST)



Шерине

XS
SM
MD
LG