Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 2-майда саат 18:00 чамасында Аксы районунун Ак-Суу жана Сары-Челек айыл аймактарында сел жүргөнүн билдирди.
Алдын ала маалыматта Сары-Челек айыл аймагынын Кызыл-Туу айылындагы Баатырбек тилкесинде 10 турак үйдүн короо-жайын суу каптап, Сары-Челек – Кербен автоунаа жолун кум-шагылга толтурган. Мындан улам автоунаалардын өтүүсүнө тоскоолдуктар жаралган.
Ушул эле күнү Ак-Суу айыл аймагынын Төө-Басты айылында кокту-колоттордон түшкөн сел болжол менен 1500 метр ички чарбалык жолдун айрым жерин бузуп кеткен. Беш турак үйдүн короо-жайын, үч социалдык мекемени суу каптаган.
"Сел жүргөн жерге Аксы райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн куткаруучулар тобу, ӨКМдин Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, болжолдоо департаментинин жетектөөчү адиси Н.Боронбай уулу барды. Учурда Аксы районунун акиминин 1-орун басары Б.Мырзагулов, жергиликтүү №12 жол тейлөө ишканасынын жолчулары, Сары-Челек айыл өкмөтүнүн өкүлдөрү иш алып барууда", - деп билдирди ӨКМ.
ӨКМдин маалыматында, акыркы 12 жылда өлкө аймагында 900дөн ашуун сел жүргөн. Беш жыл ичинде сел жана суу ташкынынан 32 адам каза болгон. 2024-жылы өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жүргөн 300дөй селден 20дан ашуун кишинин өмүрү кыйылган.
Быйыл март айында жарыяланган БУУнун Айлана-чөйрө программасынын Атласында Кыргызстанда 1960-2023-жылдар аралыгында орточо температура 1,2 градуска көтөрүлгөнү көрсөтүлгөн.
Атласта белгиленгендей, абанын температурасынын көтөрүлүшү менен табигый кырсыктардын да саны көбөйгөн. Өлкөдө орто эсеп менен 200 өзгөчө кырдаал катталса, анын 90% суу ташкыны, жер титирөө, жер жана кар көчкүлөрү. (ST)
Шерине