Лондондо өтө турган Украина боюнча жогорку деңгээлдеги тынчтык сүйлөшүүлөр күтүүсүздөн жылып калганын Британиянын Тышкы иштер министрлиги 23-апрелде маалымдады.
Бул чечим бир нече башкы дипломат акыркы мүнөттөрдө катышуудан баш тарткандан кийин кабыл алынган. Жыйынга Украинанын тышкы иштер министри да катышмак.
"Бүгүн тышкы иштер министрлеринин катышуусунда өтө турган Украина боюнча тынчтык сүйлөшүүлөрдүн жылдырылганын ырастайбыз. Расмий деңгээлдеги сүйлөшүүлөр уланат, бирок алар жабык форматта өтөт, ЖМК үчүн ачык эмес", — деп билдирди Британиянын тышкы иштер министри "Эркин Европа/Азаттык" радиосуна.
Айрым талдоочулар белгилегендей, өткөн жумада АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио, Украинанын жана Европанын өкүлдөрүнүн Париждеги жолугушуусунда согушту токтотуу багытында бир аз жылыш болгон.
Рубио кийинчерээк сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Американын сабыры түгөнүп баратканын кыйыткан. Ал Вашингтон бул жараяндан толугу менен чыгып кетиши мүмкүн экенин да айткан.
Кошмо Штаттардын вице-президенти Жей Ди Вэнс Индиядагы сапары учурунда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, чечүүчү убакыт келгенин айтты.
"Биз Орусияга жана Украинага өтө так сунуш бердик. Азыр алар макул болобу же АКШ бул жараяндан баш тартабы чечүүчү учур келди", — деди Вэнс.
Сүйлөшүүлөрдүн башкы максаты Орусиянын Украинадагы 38 айга созулган согушун токтотуу эле.
Бирок Американын мамлекеттик катчысы Рубионун жана башка дипломаттардын артка чегиниши жыйындын макамын төмөндөтүп, тынчтык орнотуу аракеттерине көлөкө түшүрдү. Орусиялык саясат таануучу Иван Преображенскийдин пикиринде, АКШ бул сүйлөшүүлөрдө олуттуу бир макулдашууга жетишүүгө мүмкүн болбойт деген тыянакка келген сыяктуу.
"Тараптардын алдын ала позициялары макулдашылган жок. Ошондуктан Марко Рубио бери дегенде өз сапарын кийинкиге жылдырды. Эсиңиздерде болсо, Мүнхендеги коопсуздук конференциясында талаш-тартыш жаралган убакта Марко Рубио техникалык себептерди жүйө кылып, иш сапарын жылдырып коюп, кийинчерээк келген. Бул ирет Рубио кечирээк келбейт. Балким башка жолугушуулар болушу мүмкүн. Ошол эле маалда америка тарап сүйлөшүүлөрдөн толук чыгып кетүүнүн жолдорун карап жатат деген жоромолду да четке кагууга болбойт",- деди Преображенский.
Sky News маалымдагандай, Британиянын тышкы иштер катчысы Дэвид Лэмми да сүйлөшүүгө катышуудан баш тарткан. Бирок бул тууралуу расмий маалымат таратылган жок.
Европалык дипломаттардын бири:"Менимче, баарыбыз үчүн кырдаал түшүнүктүү болуп калды. АКШ акырындык менен жараяндан четтеп жатат", -деди "Азаттыкка".
Дагы бир дипломаттын айтымында, бул кадам украиналыктарга кошумча басым болуп калды.
"Макул болгула же баш тарткыла дегендей. Бизде силерге убакыт жок, башка иштерибиз бар деп жатышат", - дейт ал.
Украиналык эксперт Олег Саакян АКШ сүйлөшүүлөргө кызыкпай калган деп эсептебейт. Бул тууралуу ал "Настоящее время" телеканалына курган маегинде айтты.
"Бул болгону сүйлөшүүлөрдүн макамынын төмөндөтүлүшү. Адеп пландалган сүйлөшүү Кошмо Штаттар үчүн оңтойсуз болуп калды. Себеби ал жыйын өтсө деле, анда кеп Зеленский ансыз деле четке каккан келишимдин тегерегинде гана болуп калмак. Украина үчүн Крымдын аннексиясын таануу жана Орусияга салынган санкцияларды алып салуу кабыл алынгыс. Сунушталган келишимде Украинанын коопсуздугу үчүн кепилдиктер бүдөмүк. Украинаны калыбына келтирүүдөн аскердик компоненттерге чейинки маселелер келишимде жазылган эмес. Мындай сценарийде Орусияга ыңгайлуу бардык жагдайлар бар. Украина үчүн жагымдуу шарттар, ага Орусия менен алдыдагы сүйлөшүүлөрүндө күчтүү позиция болуп берчү жагдайлар түзүлгөн жок", - деди Саакян.
Украинанын делегациясы, анын ичинде тышкы иштер министри Андрей Сибига жана президент Владимир Зеленскийдин кеңешчиси Андрей Ермак сүйлөшүүлөр жылып калганына карабай Лондонго барышты.
"Кандай болбосун, биз тынчтык үчүн иштейбиз," — деп жазды Андрей Ермак.
Өткөн дем алыш күндөрү The Wall Street Journal, Bloomberg жана CNN жазгандай, АКШнын делегациясы Украинага согушту токтотуу максатында бир катар шарттарды сунушташкан.
Алардын арасында Американын Крымдын 2014-жылдагы аннексиясын таануу ыктымалдыгы жана Украинанын НАТОго мүчө болуу аракетинен баш тартуусу да бар.
Бул эки маселе тең Владимир Зеленский жана анын өкмөтү үчүн таптакыр кабыл алынгыс. Украин президенти 22-апрелде Киевде журналисттер менен жолугушууда бул тууралуу дагы бир жолу кайталады:
"Украина Крымдын оккупациясын эч качан тааныбайт. Бул биздин жер, украин элинин аймагы. Бул тууралуу сөз да болушу мүмкүн эмес", — деди Зеленский.
Расмий Москва 23-апрелде бул сунуштар тууралуу маалыматтарга комментарий берүүдөн баш тартты.
Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков Лондондо өтө турган жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдүн соңку мүнөттө үзгүлтүккө учурашы тараптардын ортосундагы олуттуу пикир келишпестиктерди айгинелерин билдирди.
Ал эми Британиянын коргоо министри Жон Хили 22-апрелде парламентте сүйлөп жатып, Орусиянын Украинага жасаган чабуулдары басаңдады деген маалыматты далилсиз деп атады:
"Путин Пасха майрамына карата тынчтык жарыяладым деген, бирок аны өзү эле бузду. Ал тынчтыкты кааларын айтат, бирок ок атышууну толук токтотуудан баш тартты. Согушту токтоткусу келет деген сөздөрүнүн артында убакытты созуп, сүйлөшүүлөрдү узартуу аракети гана турат", — деди Хили.
Шерине