Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:24

Үч айда үй-бүлөлүк зомбулук фактысы 28% көбөйдү


Үй-бүлөлүк зомбулукка каршы акция. Бишкек. Архив.
Үй-бүлөлүк зомбулукка каршы акция. Бишкек. Архив.

Кыргызстанда 2025-жылдын үч айында (январь, февраль, март) ички иштер органдарынын маалыматтарды каттоо электрондук журналына 4597 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталды. Бул 2024-жылдын алгачкы үч айына салыштырганда (2024-жыл 3582 факты катталган) 28% же 1015 фактыга көп.

Укук бузуулар жөнүндө кодекстин “Үй-бүлөлүк зомбулук” беренеси менен 1217 протокол түзүлүп, соттордун кароосуна жөнөтүлгөн. Анын жыйынтыгында 393 адам коомдук ишке тартылып, 610 киши камакка алынган.

Кыргызстанда 2024-жылы ички иштер органдарынын маалыматты каттоо электрондук журналына 17 316 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Бул 2023-жылга салыштырганда 32,1% же 4 212 окуяга көп.

Ички иштер министри Улан Ниязбеков министрликтин 2024-жылы аткарган иши тууралуу маегинде Кыргызстанда быйыл үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка каршы күрөш күчөтүлөрүн айткан. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG