Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:07

Тажик оппозициясы Европада "бозгундагы убактылуу өкмөт" түзөрүн жарыялады


"Тажикстандын реформалары жана өнүгүүсү" деп аталган оппозициялык кыймылдын лидери Шарофиддин Гадоев.
"Тажикстандын реформалары жана өнүгүүсү" деп аталган оппозициялык кыймылдын лидери Шарофиддин Гадоев.

Тажикстандын оппозициясы Беларустагы Координациялык кеңештин үлгүсүндө "бозгундагы убактылуу өкмөт" түзүүгө ниеттенип жатканын жарыялады. Бул түзүм Европада жайгашмакчы.

Мындай чечим тууралуу "Тажикстандын реформалары жана өнүгүүсү" деп аталган оппозициялык кыймыл билдирди.

Анын лидери Шарофиддин Гадоев бул кадамдын зарылдыгын Тажикстандагы курч саясий, укуктук жана гуманитардык кризис менен түшүндүрөт. Анын айтымында, бул кризистин жаралышына "өлкө бийлигин жеке кызыкчылыктары үчүн ээлеп алган" президент Эмомали Рахмон жана анын айланасындагылар күнөөлүү.

"Бийлик бир гана топтун колуна өтүп, алар бүтүндөй экономиканы да көзөмөлүнө алып алды. Жарандардын укуктары тынымсыз чектелип, бузулуп жатат. Мунун кесепетинен миңдеген жарандар өз саясий көз караштары үчүн камакка алынып, куугунтукка кабылышты. Бул жаңы убактылуу өкмөт түзүүгө негиз болгон олуттуу себептердин бири. Андай өкмөт Тажикстандын жарандарынын укуктарын кайра калыбына келтире алмак", - деди Гадоев.

Дүйшөмбүдө Гадоевдин бул билдирүүсүнө азырынча расмий реакция боло элек. Ошондой эле чет өлкөлөрдө жайгашкан башка тажик оппозициялык кыймылдар да өз позицияларын билдире элек. Бирок Гадоев алардын баары менен сүйлөшүү баштай турганын айткан.

Ал бул планды ишке ашыруу бир нече айга созулушу мүмкүн деп эсептейт. Бирок ага чейин Улуттук кеңешти түзүү керек болот. Так ушул кеңеш кийин убактылуу өкмөттүн курамын жана ишин аныктоого жооп берет.

Эмомали Рахмон Тажикстанды 1994-жылдын 16-ноябрынан бери жетектеп келет. Ал ошол мезгилден бери өткөн бардык шайлоолордо ири артыкчылык менен жеңген. Көптөгөн талдоочулар Рахмон бийликти уулу Рустам Эмомалиге өткөрүүгө даярданып жатат деп эсептешет. Мындай божомолдордун чыгышына уулунун ыйгарым укуктары кеңейип баратканы түрткү болууда.


Шерине

XS
SM
MD
LG