Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:52

Башкы прокурор Бишкекте, Ошто документи жок курулуштар буздурулуп жатканын айтты


Максат Асаналиев.
Максат Асаналиев.

Башкы прокурор Максат Асаналиев шаар, айыл аймактарда мыйзамсыз курулган, “кызыл сызыкка” чыгып кеткен деген негиз менен буздурулуп жаткан үй, курулуштардын мыйзамдуулугу боюнча комментарий берди. Ал жарандын мүлкүнүн мамлекеттик актысы (“кызыл китеп”) болсо бирок мамлекеттин муктаждыгы үчүн жери же мүлкү буздурулуп, алынса кенемте төлөнүп же ошого тете жер берилиши керектигин билдирди.

Бул тууралуу башкы прокурор 15-апрелде Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелер жана Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү комитеттеринин биргелешкен жыйынында айтты.

“Мындай иштер өзгөчө Бишкек жана Ош шаарларында болуп жатат. Менин маалыматыма ылайык, эч кандай документи жок эле өзүм билемдик менен салынган курулуштар буздурулууда. Ош шаарында жолду кеңейтип, жашоочуларга шарт түзүү иштери жүрүп жатат. Тротуар, арыкка чейин басып алган адамдар бар”, - деди ал.

Кыргызстандын жер-жерлеринде, өзгөчө Ош шаарында “кызыл сызыкка” чыгып кеткен, мыйзамсыз салынган турак жайлар, дубалдар жана башка курулуштар буздурулуп жатат.

Бишкектеги Киргизия-1 жана Киргизия-2 конушунда Чыңгыз Айтматов проспектисин кеңейтүү үчүн үйлөрдүн дубалдары буздурулду. Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев бул проспектини кеңейтүү ишинин алкагында Киргизия конушундагы 66 үйдүн дубалынын бир бөлүгү бузуу чечими кабыл алынганын айткан.

Конуштун тургундары мэриянын аракетин мыйзамсыз деп баалап, жеке менчик укугу бузулуп жатканын билдирип чыгышкан.

Мэрия Чыңгыз Айтматов проспектиндеги автоунаа жолун кеңейтип, алты тилкелүү трасса курууну, четине велосипед тепкендер үчүн өзүнчө жол жана тротуар салууну пландап жатат.

Конституциянын 15-беренесинде “Менчик кол тийгис. Эч ким өзүм билемдик менен мүлкүнөн ажыратылбайт” деп жазылган. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG