Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:52

Курск жапырт чабуулга кабылды. Бир адам каза болду


Курск. 15-апрель, 2025-жыл.
Курск. 15-апрель, 2025-жыл.

15-апрелге караган түнү Орусиянын Курск аймагы жапырт дрон чабуулуна кабылды. Маалыматка караганда, бир адам каза болуп, кеминде тогуз адам жабыркады. Жергиликтүү Телеграм-каналдар чабуулга турак үйлөр туш болгонун жазышты.

Каза болгон адам 85 жаштагы байбиче экени кабарланды. Тогуз адам дрон сыныктарынан алган жараатынан улам ооруканага жеткирилди. Облустун губернатору Александр Хинштейн дрон чабуулуна үч кабаттуу үй туш болгонун, натыйжада өрт тутанганын билдирди. Анын тургундары убактылуу коопсуз жайга көчүрүлдү.

Орусиянын Коргоо министрлиги шаршембиге караган түнү Курск облусунда Украинанын 109 дрон атып түшүрүлгөнүн жарыялады. Украина бул тууралуу комментарий бере элек.

Курск аймагы такай чабуулдарга кабылып келет. Ага жанаша жайгашкан Украинанын Сумы облусу да кандуу соккуларга туш болууда.

Орусиянын армиясы жекшембиде Украинанын Сумы шаарынын борборун баллистикалык ракета менен аткылаган.

Украин тарап соккудан 35 киши каза тапканын тактады, 100дөн ашууну ар кандай жараат алды. Каза тапкандардын экөө, жараат алгандардын 15и балдар.

Далилдерге карабастан расмий Москва жарандык жайларды аткылаганын четке кагып, бир гана аскердик жайларды бутага алганын билдирип жүрөт. (AiA)

Шерине

XS
SM
MD
LG