Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:23

Кызамык жуктурган 4800дөн ашуун бала эмделген эмес


Кызамыкка каршы вакцина. Иллюстрациялык сүрөт.
Кызамыкка каршы вакцина. Иллюстрациялык сүрөт.

Республикалык иммунопрофилактика борборунун маалыматына караганда, жыл башынан бери Кыргызстанда кызамык жуккан жалпы 5168 учур катталган. Анын ичинен илдет жуктурган 4886 бала кызамыкка каршы эмделген эмес.

Булардын ичинен 1578 бала же 31% жаш курагынан улам вакцина албаган. 2275 баланын ата-энеси эмдөөдөн баш тарткан, 76 бала миграцияга байланыштуу, 475 бала медициналык себептер менен эмделген эмес, дагы 475 баланын эмделбеген себеби белгисиз.

Кызамыктын жайылышы боюнча дагы деле Бишкек алдыда. 8-апрелге карата борбор калаада 3187 бала ооруга чалдыккан. Ош шаарында 312 учур, Ош облусунда 406, Баткенде -112, Чүй облусунда 654, Жалал-Абад облусунда 312, Талас облусунда - 147, Нарында - 107, Ысык-Көлдө 0 86 бала кызамык жуктурган.

Жыл башынан бери кызамыктан сегиз бала чарчап калган.

Иммунопрофилактика борбору оорунун алдын алуу максатында жарандарды балдарын кызамыкка каршы эмдетүүгө чакырууда.

Республикалык иммунопрофилактика борбору ошондой эле 2024-жылы кабыл алынган мыйзамда эмделбегендерди билим берүү жана саламаттык сактоо мекемелерине кабыл алуудан баш тартуу, алардын билим берүү тармагында иштөөсүнө тыюу салуу, эмделбей, ооруга чалдыккан балдар үчүн ата-энесин жоопко тартуу сыяктуу чаралар каралганын эскертти.

Кызамыктан эмдөө адатта бала бир жашка толгондо жана алты жашка чыкканда жасалат. Кошумча эмдөө тогуз айлык ымыркайдан тартып жети жашка чейинки балдарга үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда акысыз жүргүзүлүүдө. (ZKo)


Шерине

XS
SM
MD
LG