Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:24

Кулубаев: Кытай менен виза тартибин жеңилдетүү маселеси каралып жатат


Кыргызстан менен Кытайдын желекчелери.
Кыргызстан менен Кытайдын желекчелери.

Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда визасыз кирип-чыгуу режимин киргизүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бул тууралуу тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 14-апрелде Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында депутаттардын суроосуна жооп берип жатып билдирди. Анын сөзүнө караганда, Кытай Кыргызстандан бир тараптуу визасыз режим киргизүүнү суранган.

"Өзбекстан бир жылга жакын убакыт Кытайдын жарандарына бир айлык мөөнөткө чейин бир тараптуу визасыз режимге уруксат берген. Жакындан тарта эки тараптуу болду. Кытай тарап бизден да ушундай бир тараптуу визасыз режимди 1-2 жылга киргизүүнү сунушташты. Бирок ага биз макул болгон жокпуз. Биз сүйлөшө турган болсок, анда эки тарапка бирдей шарт болушу керек дедик. Эгер алар бизге кирсе, биздин жарандарыбыз да кириши керек. Улам сүйлөшүп атып, виза алууну жөнөкөйлөттүк. Биз алардан өздөрүнө берилгендей эле "электрондук виза" алуу тартибин киргизүүнү сунуштап жатабыз", - деди Жээнбек Кулубаев.


2024-жылы октябрда Кыргызстанга Кытайдан келүүчү туристтик топтор үчүн визасыз режим киргизилген. Ага ылайык, Кытайдан алдын ала бекитилген туристтик программа менен келген бештен 25ке чейинки адамдар тобу өлкөгө визасыз кирип, 21 күн жүрө алышат. Алардын колунда кайтып кетүүчү авиабилети болууга тийиш. Аларга Кыргызстандан чыгып кеткенден кийин кайра туристтик программа менен өлкөгө визасыз кирүү укугу берилет.

Кыргызстанга ошондой эле Кытайдын Макао жана Гонконг атайын администрациялык райондорунун туруктуу жашоочулары кайра кеткенге авиабилети болгон учурда 30 күнгө чейинки мөөнөткө визасыз Кыргызстанда жүрө алышат. (ZKo)


Шерине

XS
SM
MD
LG