Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:21

Казакстанда активист Темирлан Енсебек беш жылга шарттуу соттолду


Темирлан Енсебек.
Темирлан Енсебек.

12-апрелде Алматынын Наурызбай райондук соту QazNews24 сатиралык пабликтин автору Темирлан Енсебекти "Улуттар аралык жана диний кастыкты козуткан" деген айып менен беш жылга шарттуу түрдө эркинен ажыратты. Бул тууралуу “Азаттык” радиосунун казак кызматы жазды.

Темирлан Енсебекке журналисттик ишмердүүлүккө, конференцияларга катышууга, жалпыга маалымдоо каражаттарына, онлайн платформаларга жарыялоого, маек берүүгө тыюу салынган. Мындан тышкары, ага митингдерге катышууга, иш таштоого, коомдук уюмдарга кирүүгө, кайрымдуулук жана укук коргоо иштерине катышууга, ар кандай формада тренингдерди жана лекцияларды өткөрүүгө тыюу салынат.

Сот Еңсебектин ноутбугун жана телефонун конфискациялап, аны 78 миң теңге (150 доллар) айып пул төлөөгө, жумушка орношууга милдеттендирди. Эгер бул талап аткарылбаса коомдук иштерге тартылат.

"Жок дегенде дем алууга уруксат бергилечи. Мындай чектөөлөр менен мага мойнума каргы тагылгандай. Азыр нес болуп, сүйлөй да албай атам", - деди Еңсебек.

Сот өкүмү чыккандан кийин активисттин тарапкерлери "Уят! Уят!" деп кыйкырып турганын сот залындагы журналисттер кабарлады.

Темирлан Енсебек 17-январда камалган жана үйүндө тинтүү жүргүзүлгөн. Анын адвокаты Жанара Балганбаева социалдык тармактарга байкоо салган полиция кызматкеринин арызынын негизинде активистке карата териштирүү башталганын билдирген.

Енсебек акарат сөздөр камтылган "Йоу, орыстар" деген ыры үчүн тергөөгө алынган. Сатиралык пост орусиялык теле алып баруучу Тина Канделакинин Казакстанда орус тили кодулоого туш болууда деген сөздөрүнө жооп катары жазылган. Ырга Казакстанда тыюу салынган эмес.

Темирлан Енсебек – Oyan, Qazaqstan жарандык кыймылынын активисти. Ал өзүнө тагылган айыптарды четке каккан.

Бир катар эл аралык уюмдар казак бийлигин Енсебекти камактан бошотууга жана ага коюлган айыптарды алып салууга чакырышкан. (AiA)

Шерине

XS
SM
MD
LG