Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошев Орусияда эмгектенип жүргөн Кыргызстандын жарандарынын маселесин жогорку бийлик жетекчилери гана чече аларын билдирди. Бул тууралуу ал парламенттин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин 14-апрелдеги жыйынында айтты.
Ал Москва шаарындагы “Бодрость” мончосунда эч себепсиз ур-токмокко кабылган Кыргызстандын жарандары боюнча маселе көтөрүп, бийликти буга байланыштуу чечкиндүү иш алып барууга чакырды.
Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев депутаттын суроосуна жооп берип, коопсуздуктан улам сабалган кыргызстандыктар арыз жазуудан баш тартканын айтып, буларды кошумчалады.
“Албетте тышкы саясатта жарандарыбыздын укугун коргошубуз керек. Ар бир ишти сүйлөшүп чечишибиз зарыл. Биз эртең демарш жасай албайбыз. Демарш жасасаңыз бул жакта үч күндөн кийин техниканын баары токтойт. Газ, нефти токтойт. Жарандарыбызды 100 миңдеп эшелонго салып, таштап коёт. Аны кантип чечесиз? Ушунун баарын ойлонуп туруп аракет кылышыбыз керек”, - деди ал.
14-апрелде Орусиянын Кыргызстандагы элчичи Сергей Вакунов Тышкы иштер министрлигине чакырылып, бул окуяга байланыштуу нота тапшырылган. Эмил Токтошев министрдин сөзү тууралуу мындай деди:
“Мен сизге бул окуя боюнча арыз жазбайм. Бул саясий комитет аны президент, элдин баары угуп атат. Сиз эмне үчүн арыз түшкөндө гана Коопсуздук кеңешин жыйынга чогултушуңар керек. Сиздин ишке элдин купулу толбой атат. Эмне үчүн депутаттар кыйкырып айтышы керек. Сөзсүз биз айткандан кийин гана Коопсуздук кеңеши чогулуш керекпи?” - деди депутат.
Өткөн аптанын аягында социалдык тармактарга Москвадагы мончолордун биринде кыргызстандыктарды орус полициясы жана бети жабылган белгисиз адамдар уруп-сабады делген видео тараган. Анда мигранттарды полиция кызматкерлери колдорун артка кайрып жаткырып, айрымдарын чапкылап жатканын көрүүгө болот.
Ошол учурда мончодо болуп, сабалган мигранттардын бири “Азаттыкка” бул маалыматты ырастап, окуя 10-апрелде болгонун, полиция аларды беш сааттай уруп-сабап, бул убакыт ичинде ар кандай ыкмалар менен кыйнаганын айтып берген.
Кыргызстандын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына ылайык, ур-токмокко кабылып кармалган 24 кыргызстандык мигранттын төртөө Орусиядан чыгарылат.
Социалдык тармактарда кыргызстандыктарды аёосуз сабаган полиция кызматкерлерине сын айтылып, кыргыз бийлигин бул окуяга чукул реакция кылуу талабы жазылып жатат. (BTo)
Шерине