Ашхабаддын мектептеринде окуучу кыздарды гинеколог текшере баштады. Бул тууралуу «Азаттыктын» түркмөн редакциясы жазды. Маалыматка караганда, мындай текшерүүлөр борбор калаанын мектептеринде жапырт жүрүүдө.
Билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү журналисттерге муну кош бойлуу болуп калган окуучу кыздар көбөйгөнү менен түшүндүрдү.
«Азатлыктын» өздүк булактары мындай текшерүүлөр Ашхабаддагы мектептердин дээрлик баарында 9-12-класстын окуучулары арасында жүрүп жатканын кабарлады. Маалыматка караганда, соңку апталарда бир нече окуучу кыз кош бойлуу болгон учур катталды. Мектептердин биринде 9-класстын окуучусу мугалиминен кош бойлуу болгону аныкталган.
«Ал кыздын боюнда бар экени билингенден кийин башка кыздардын баары текшерүүдөн өттү», — деди жеке булак.
Буга чейин түркмөн бийлиги кыз-келиндердин бойдон алдыруусуна тыюу салуу сунушун көтөргөн.
Аялдардын кийимине жана жүрүм-турумуна карата катаал чектөөлөр Түркмөнстанда 2022-жылдын апрелинен тартып кире баштаган.
Аймактардын биринде полиция кызматкерлери сулуулук салондоруна кирип, мындан ары ботокс жасоого, жүзүндөгү бырыштарды жазууга, кирпик өстүрүүгө, эринин чоңойтууга жана чаптама тырмак колдонууга тыюу салынганын эскертишкен.(AiA)
Шерине