Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:54

Тажикстанда жер титирөөдө үч жашар наристе уранды алдында калды


Тажикстандагы жер титирөөнүн кесепети.
Тажикстандагы жер титирөөнүн кесепети.

Жекшемби күнү эртең менен Тажикстандын аймагындагы жер титирөөдө үч жаштагы наристе чарчап калып, ондогон адам үй-жайсыз калды.

"Озоди" радиосу үч жашар наристе Рашт аймагынын тургуну болгонун жазды. Маалыматка караганда, ал кыйраган үйдүн урандыларынын алдында калган.

Коңшу өлкөнүн Илимдер академиясынын маалыматына караганда, жер силкинүү 13-апрелде саат 09:24тө катталган. Анын очогу Дүйшөмбү шаарынан 160 чакырым түндүк-чыгышта экени айтылган. Жер титирөөнүн күчү очогунда 5-6 баллга, Рашт аймагында 4-5 баллга, Дүйшөмбү шаарында 3 баллга жеткен.

Рашт аймагында жалпысынан 40 турак үй жарактан чыгып, дагы беш үй жарым жартылай жабыркады. Гүлхани айылында үч чайхана жана мектептин имаратына зыян келтирилгени кабарланды.

Тажикабад районунда 54 үй толугу менен, 45и жарым-жартылай талкаланган. Ошондой эле эки мектеп, үч чайкана, бир медициналык мекеме жана 200гө жакын чарбалык имараттар зыян тарткан.

Өзгөчө кырдаалдар комитетинин маалыматы боюнча, биринчи жер титирөөдөн кийин өлкөдө кеминде дагы үч жер титирөө катталган. Учурда окуя болгон жерде Өзгөчө кырдаалдар комитети иш алып барып, чыгымдар эсептелип жатканы айтылды.

Тажикстандын Рашт аймагына калкы 400 миңден ашуун беш район карайт.

Тажикстандагы жер силкинүү ага коңшу жайгашкан Өзбекстан менен Казакстанда да сезилгени маалымдалды. Өзбекстандын Фергана, Наманган облустарында анын күчү 3 баллга жетти.

Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, жер титирөө өлкөнүн түштүгүндөгү 33 калктуу конушта катталып, анын күчү 2-3 баллга жеткен.

"Жер титирөөнүн очогу Тажикстанда, Алматы шаарынан 673 чакырым түштүк-батышта жайгашкан", - деп айтылат маалыматта. (AiA)

Шерине

XS
SM
MD
LG