Сауд Арабиясына кичи ажылык катары саналган умрага барган жүздөгөн өзбекстандык бир нече күндөн бери үйүнө кайта албай убара тартууда. Алар учурда Жидда жана Медина шаарларындагы мейманканаларда жатышат. Ара жолдо калган зыяратчылар акча-тыйыны калбай баратканын, сапарды уюштурган компаниянын өкүлдөрү байланышка чыкпай жатканын айтып “Азаттыктын” өзбек кызматына кайрылышкан.
Маалыматка караганда, жалпысынан 2800 адам JAT Travel компаниясы аркылуу умрага жөнөгөн. Анын жарымы өзбекстандыктар болсо, калган бөлүгү Тажикстандын жарандары. Алар да умра сапарына Ташкент аркылуу чыгышкан.
"Бүгүн бизди Мединадагы «Аль-Манар» мейманканасынан кууп жатышат. Кайда барарыбыз белгисиз. Интернет да жок. Биз JAT компаниясы менен келдик, бирок визаларыбыз жасалма экен. Биз менен бир да кызматкер келген эмес. Умрага келген адамды дагы ушинтип тейлешеби?", - дейт алардын бири.
Зыяратчылардын көпчүлүгү бул сапар үчүн 1200–1300 доллар төлөшкөн. Сауд Арабиясына жеткенден кийин алардын айрымдарынын визасы жасалма экени аныкталып, зыярат жөрөлгөлөрүн аткара албай калышкан. Айрымдары буга нааразылык билдирип, кээ бирлери ачкачылык да жарыялаганы маалым болду.
Журналисттедин JAT Travel компаниясы менен байланышуу аракетинен майнап чыккан жок. Компаниянын Instagram баракчасы жабык, YouTube каналы дээрлик активдүү эмес.
Ошол эле маалда Сауд Арабиясында бул компаниянын өкүлү, Саида аттуу аял кармалганы кабарланууда.
Учурда Өзбекстандын Жиддадагы консулдугу зыяратчыларды мекенине кайтаруу аракетин көрүүдө. Былтыр дагы 3000ден ашуун өзбек зыяратчы Сауд Арабиясында мейманканаларда жана аэропорттордо кармалып калган.
Мунун алдында Өзбекстан өкмөтү умраны уюштуруу эрежелерин катаалдаштырган болчу.
Шерине