Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:13

AI: 2024-жылы эң көп киши Египетте өлүмгө өкүм кылынган


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Amnesty International эл аралык укук коргоо уюму 8-апрелде 2024-жылы ишке ашырылган өлүм жазалары тууралуу кезектеги баяндамасын жарыялады. Укук коргоочулардын маалыматына караганда, өткөн жылы дүйнө жүзүндө кеминде 2075 адамга өлүм жазасы чыгарылып, алардын 1508и ишке ашырылган.

Египетте кеминде 365 адам, Иракта кеминде 200, Нигерияда 186, Бангладеште 165, Йеменде 152, Вьетнамда 150, Индияда 139 киши өлүмгө өкүм кылынган.

Жалпы өлүм жазасы чыгарылган 46 мамлекеттин арасында Беларус дагы бар. Amnesty International белгилегендей, Беларус – Европада өлүм жазасы колдонулган жападан жалгыз мамлекет бойдон калууда. 2024-жылы мындай өкүм Германиянын жараны Рик Кригерге чыгарылган – ал террорчулукка байланыштуу айыптар менен жабык сот процессинде күнөөлүү деп табылган.

Кийинчерээк Кригерге ырайым берилген жана ал Орусия, Беларус жана Батыш өлкөлөрү ортосундагы туткун айырбаштоо алкагында Германияга өткөрүлүп берилген. Анын ишинин толук чоо-жайы азыркыга чейин ачыкка чыга элек.

"Беларуста өлүм жазасынын колдонулушу мамлекеттик сыр катары калып жатканы үчүн Amnesty International канча адамга өлүм жазасы чыкканын так биле албайт", — деп жазылат уюмдун билдирүүсүндө.

Ошондой эле укук коргоочулар Кытай жана Түндүк Корея боюнча так маалыматтар жеткиликтүү эмес экенин өзгөчө белгилешет. Айрым булактарга таянып уюм Кытайда "миңдеген адамдарга" өлүм жазасы чыгарылган болушу мүмкүн деп эсептейт.

Кошмо Штаттарда өткөн жылы 25 адам өлүм жазасына тартылган.

Amnesty International бышыктаган маалыматтар боюнча, дүйнөдө чыгарылган эң катаал өкүмдүн 91% Иран, Ирак жана Сауд Арабиясында жүзөгө ашкан.

Уюм бул өлкөлөрдө өлүм жазасы бийликке каршы нааразылык акцияларына катышкандарга жана айрым этностук топтордун өкүлдөрүнө каршы курал катары колдонулуп жатат деп белгилейт.

Шерине

XS
SM
MD
LG