Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:13

Орус армиясынын катарында Украинада согушкан өзбекстандык беш жылга кесилди


Орусиялык аскер. Иллюстрациялык сүрөт.
Орусиялык аскер. Иллюстрациялык сүрөт.

Өзбекстанда Учкурган райондук соту "К." аттуу 51 жаштагы өзбекстандык жаранды жалданмачылык боюнча айыптап, беш жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу соттун өкүмүнө таянып UzNews басылмасы жазды.

Тергөөнүн маалыматына ылайык, К. Орусиянын Куралдуу күчтөрү менен келишим түзүп, Украинанын Мариуполь шаарында аскердик кызмат өтөгөн.

Иштин материалдарына караганда, айыпталуучу 2023-жылдын май айында Приморск крайындагы Харольск шаарына барып, дыйкан чарбага жумушка орношкон. 2024-жылдын январь айынын аягында мушташка аралашканы үчүн кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилген. Ал жактан Орусиянын армиясы менен алты жылдык келишим түзүп, Украинадагы согушка катышууну сунушташкан. Болбосо беш жылга кесилип кетиши мүмкүн экенин эскертишкен.

Март айында К. ант берип, Мариуполго жөнөтүлгөн. 2024-жылдын октябрында ал Орусиянын жарандыгын алган. Бирок ошол эле жылдын ноябрь айында аскердик бөлүктөн чыгып, Өзбекстанга кайткан.

Айыпталуучу күнөөсүн жарым-жартылай мойнуна алган. Ал ошондой эле кызматтан өз ыктыяры менен чыгып, кийин Орусиядан кеткенин билдирген.

Бул Өзбекстанда Украинадагы согушка катышкандыгы үчүн соттолгон биринчи адам эмес. 2025-жылдын январында дагы бир өзбек жараны Украинанын Бахмут аймагында согушка катышканы үчүн 4 жыл 2 айга эркинен ажыратылган. 2024-жылдын декабрында Куштепе районунун 22 жаштагы тургуну шарттуу түрдө 5 жылга камалган. Сентябрда “Вагнер” жалданма аскерлер компаниясында кызмат өтөгөн өзбек жараны 4 жылга кесилген. Былтыр октябрда дагы бир өзбек жаранына согушка катышкандыгы үчүн 3 жылга эркинен ажыратуу өкүмү чыккан.

Борбор Азиянын бир катар мамлекеттеринде, анын ичинде Кыргызстанда чет жакта согушка аралашкан жарандар өлкөсүндө кылмыш жоопкерчилигине тартылат.


Шерине

XS
SM
MD
LG