Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:13

9-апрелдин аба ырайы: Тоолорго кар жаайт


Кыргызгидромет борборунун маалыматына караганда, 9-апрелде түнкүсүн Ош, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондорунда кар жаашы, Баткен облусунун айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы ыктымал. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт.

Күндүз Ош, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Жалал-Абад, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ысык-Көл облусунун тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондорунда кар жаайт. Ош, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы ыктымал. Ысык-Көл облусунун дыйканчылык аймактарында жана Чүй, Талас облустарында жаан-чачын болбойт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 8…13, күндүз 20…25;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 5…10, күндүз 18…23;

Баткен облусунда түнкүсүн 9…14, күндуз 16…21;

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 7…12, күндуз 13…18;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 13…18;

Нарын облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 14…19.

Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 10...12°, күндүз 21…23° жылыйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Шерине

XS
SM
MD
LG