2024-жылы жарандардан сотторго байланыштуу жалпысынан 500дөн ашуун арыз-даттануу түшүп, 50 сот ар кандай тартип жазасына тартылган. Арасында эскертүү, сөгүш алгандар, кызматтан алынгандар дагы бар. Бул тууралуу Судьялар кеңешинин төрайымы Аида Сейдакматова бүгүн 8-апрелде Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелери боюнча комитетинин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, арыздардын көбү соттор чыгарган чечимдерге байланыштуу болгондуктан алардын басымдуу бөлүгү тартиптик комиссиянын чечими менен каралбай калат.
Депутат Гуля Кожокулова сот системасы катуу сынга кабылып, Судьялар кеңешинин иши жакшы натыйжа бербей жатканын белгиледи.
Жогорку Кеңештин тармактык комитети бул күнү “Соттук өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөрдү биринчи окууда карап, жактырды.
Учурда Соттор кеңеши 15 кишиден турса, анын тогузу тартип комиссиясынын мүчөсү. Эми алардын санын 20га жеткирүү сунушталууда.
"Былтыр соттордун ишмердүүлүгүнө баа берүүгө байланыштуу мыйзам кабыл алынган. Бул кошумча болуп кирген. Ошондуктан азыр сунушталып жаткан беш киши ошол комиссияга мүчө катары отуруш керек болуп жатат. Алар дал ошол соттордун кесиптик ишмердүүгүгүнө баа берет", - деди Сейдакматова.
Судьялар кеңеши Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыевге, Ош облустук сотунун жетекчиси Мирлан Боромбаевге жана Жалал-Абад облусунун Сузак райондук сотунун төрагасы Кубанычбек Самудиновго тартиптик жаза колдонуу чечимин кабыл алганы 25-мартта белгилүү болгон. Бул маалыматты “Азаттыкка” Соттор кеңешинин басма сөз кызматы ырастаган. Мекеме аларга эмненин негизинде чара колдонулганын тактаган эмес.
Маалыматтарга караганда, Медербек Сатыев былтыр жыл соңунда Ош жана Жалал-Абад облустарына иш сапары менен барып,жатаканасына, тамак-ашына кеткен чыгымды аймактагы судьялар көтөргөн. Бул үчүн акча чогултулганы айтылган.
Жогорку сот, Медербек Сатыев өзү комментарий берген эмес. (КЕ)
Шерине