Ош облустук ички иштер башкармалыгынын (ОИИБ) кызматкерлери облус аймагында никаб кийип, жүзүн толук жаап жүргөндөргө түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу ОИИБдин басма сөз кызматы 8-апрелде маалымдады.
Бул иш-чара дин жөнүндөгү мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр боюнча түшүндүрүү иштеринин алкагында жасалып жатканы белгиленди.
Милиция кызматкерлери эл көп чогулган коомдук жайларды, мекемелерди, базарларды кыдырып, жүзүн толук жашырып жүргөндөргө Укук бузуулар кодексинин 127-беренесинин талабына ылайык 20 миң сом өлчөмүндө айып пул салынарын эскертишти.
Ушундай эле никаб кийүүгө тыюу салынганы тууралуу түшүндүрүү иштери 3-апрелде Жалал-Абад шаарында, Сузак районунун аймагында жүргүзүлгөн.
Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы (муфтият) никаб, паранжа динде парз эмес экенин, аялдар аны кийбесе күнөөкөр болбой турганын билдирген.
Президент Садыр Жапаров быйыл январь айында “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” мыйзамга кол койгон. Бул документке ылайык, үймө-үй кыдырып даават айткандарга, коомдук жайларда жүзүн жашырган кийим кийгендерге 20 миң сомдон айып пул салынат.
Садыр Жапаров 5-апрелде никаб, паранжа кийгендерге түшүндүрүү иштери жүрүп жатканы жана аларга айып салынары боюнча пикирин билдирип, хижаб кыргыз тилиндеги жоолук деген эле сөз экенин жана буга каршылык жоктугун, болгону аны салынгандар жүзүн ачык алып жүрүшү керектигин айткан.
Никаб - аялдардын көзү гана ачылган, калган жүзүн жаап турган баш кийим. (ZKo)
Шерине