Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исатбек кызы Кыргызстанда, Бишкекте жыл сайын миллиондогон акчага көчөт тигилип жатканын, бирок анын көктөшү боюнча көзөмөл канчалык экени тууралуу маселе көтөрүп, мэрияны сынга алды. Депутат бул тууралуу Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш комитетинин 8-апрелдеги жыйынында айтып, шаар бийлигинен отургузулган бактардын көктөшүн көзөмөл кылуусун талап кылды:
"Быйыл Бишкекте 1,5 миң тал-терек кыйылганы айтылган. Алардын ордун толтуруу үчүн кандай аракет көрүлдү? Рамиз Алиев мырза, (Бишкек шаарынын вице-мэри – ред.) былтыр 10,5 миң түп көчөт тигилиптир. Канчасы көктөдү? Билбейсиз. Анткени бакты сатып алып, жаңы күрөк, мээлей сатып алып, сулуу кийинип, сүрөткө түшүп, ошол боюнча сөз жүзүндө калат. Мунун баары отчет үчүн гана жасалат. Бирок отургузулган бактын көктөшүн көзөмөлдөгөн эч ким жок. Ошол 10,5 миң түп көчөттүн канчасы көктөгөнүн тактап, бизге маалымат берип коюңуз. Бакты кыюу оңой, анын ордуна кайра көчөт тигип, аны багып чоңойтуу көп убакытты жана көңүлдү талап кылат".
Жыйынга катышып отурган вице-мэр Рамиз Алиев депутаттын сөзүнө каршы чыгып, отургузулган көчөттөрдүн айрымдары гана көктөбөй калбаса, басымдуу бөлүгү көктөрүн айтты. Анын сөзүнө караганда, ушул тапта Бишкек мэриясынын балансында 173 миң бак бар.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Медер Машиевдин комитет жыйынында берген маалыматына караганда, 2024-жылы жалпы өлкөдө "Жашыл мурас" долбоорунун алкагында 8,141 млн даана көчөт тигилген. Анын 67% көктөгөн. Быйылкы жылы 8,5 млн бак отургузуу пландалган.
Бишкекте акыркы жылдары көчөлөрдү кеңейтүү максатында жол жээгиндеги бактарды кыюу арбыганын экологдор сындап келишет. "Арча демилгеси" коомдук фонду 2024-жылы Бишкек шаарындагы 250 миңдей түп бак-дарак Бишкектин аянтынын 10% да түзбөсүн белгилеп изилдеп чыккан.
Бишкек мэриясы Чыңгыз Айтматов проспектинин боюндагы теректерди кыюуну ордуна жаш бак отургузуу максаты менен түшүндүргөн. Мэрия муну дарактардын айрымдарына 50-60 жыл болуп, алар картайып, кооптуу болуп калганын жүйө кылган. Иш жүзүндө аталган проспекттеги кыйылган бактардын орду жолду кеңейтүүгө алынган.(ZKo)
Шерине