Кыргызстанда ыштын пайда болуусуна, абанын булгануусуна жолдо жүргөн эски автоунаалардан чыккан зыяндуу газ негизги себептердин бири болууда. Бул тууралуу жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Медер Машиев 8-апрелде Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш комитетинин жыйынында билдирди.
Анын сөзүнө караганда, 2024-жылы жалпы өлкөдө 1 млн 674 миң унаа катталган болсо, анын 83% (1 млн 392 737 унаа) чыкканына 15 жылдан ашкан. Ал эми Бишкек шаарында 426 946 унаа катталган болсо, анын 78% (333 801 унаа) чыкканына 15 жылдан ашкан. Министр мындай эски автоунаалардын катализаторлору болсо да ал зыяндуу газдарды тазалай албасын белгиледи.
Медер Машиевдин маалыматына караганда, Бишкек шаарын ыштан арылтуу жана абанын булганышын алдын алуу максатында муниципалдык транспорт экологиялык автобустарга алмашылган.
"Бул максатта 2023-жылы мамлекеттик бюджеттен 4,8 млрд сом бөлүнгөн. 1312 даана экологиялык автобус алынып келинди, үч миңдей кичи автобус шаардан чыгарылды", - деди Машиев.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри ошондой эле ыш Кара-Кечедеги сапатсыз, байытылбаган көмүрдү пайдалануудан улам чыгып жатканын да белгиледи. Анын сөзүнө караганда, өлкөнүн түштүк тарабында бир нече менчик ишкана көмүрдү байытуучу завод куруп, кызмат көрсөтүп жатат. Ал Бишкек Жылуулук электр борборуна жагылуучу Кара-Кече көмүрүн байытуучу завод куруу маселеси каралып жатканын да айтып кетти.
Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш комитети 8-апрелдеги жыйынында “Бишкек шаарындагы абанын булганышынын деңгээлин төмөндөтүү чаралар жөнүндө” токтомдун аткарылышы тууралуу маалымат укту. Анда Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги жана Бишкек шаар мэриясынын тийиштүү адистери депутаттарга маалымат беришти.
Бишкек шаарында акыркы жылдарда абанын булганышы башкы экологиялык маселеге айланды.
2024-2025-жылдагы жылытуу мезгилинде World Air Quality уюмунун сайтында Бишкек көп жолу абанын булганышы боюнча башкы саптарда туруп, абанын сапаты боюнча "адам өмүрү үчүн өтө коркунучтуу" деп баа берилген учурлары көп катталды.
Жыл сайын айрыкча күз-кыш мезгилинде, жылытуу сезону башталган учурда баш калааны каптаган ыш, түтүн күч алып, экология маселеси курчуйт.
Экологдор буга чейин абанын булганышы нормадан бир нече эсе ашып кеткенин айтып чыгышкан. Шаардын асманын кара-көк түтүн каптап турганы тартылган сүрөт, видеолор интернетте тынымсыз жарыяланып келет. Сырттагы ыш, түтүн үйлөрдүн, имараттардын ичин каптап, тамага, көкүрөгү ачышып, аллергиялык жана башка оорулар козголуп жатканын айткандар арбыды.
Соцтармактардын колдонуучулары бийликтен ыш маселесин чечүүнү талап кылып келет.
Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Эделбек Кулматов Бишкекте “кара түтүн жылдан жылга азайып жатканын” Жогорку Кеңештин 25-декабрдагы жыйынында билдирген.(ZKo)
Шерине