Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:29

Нью-Йоркто Кыргызстан–БУУ алакасы талкууланды


Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев (солдо) жана БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш. Нью-Йорк, АКШ. 7-апрель, 2025-жыл.
Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев (солдо) жана БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш. Нью-Йорк, АКШ. 7-апрель, 2025-жыл.

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 7-апрелде Нью-Йорктогу иш сапарынын алкагында Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысы Антониу Гутерриш менен жолукту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) маалымат кызматы кабарлады.

Жолугушууда министр Кулубаев БУУнун дүйнөлүк тынчтыкты жана коопсуздукту камсыз кылуудагы, глобалдык социалдык-экономикалык жана климаттык көйгөйлөрдү чечүүдөгү аракеттерин колдой турганын билдирди.

Министр Кыргызстан Туруктуу өнүгүү максаттарына берилгендигин тастыктап, өлкөнүн негизги артыкчылыктары тууралуу – тоолордун экосистемсын коргоо боюнча күн тартибин илгерилетүү, жашыл экономиканы өнүктүрүү жана айлана-чөйрөнү коргоо багытындагы аракеттери тууралуу айтып берди. Бул маселелерди эл аралык деңгээлде илгерилетүү үчүн БУУнун колдоосун сурады.

Министр Борбор Азияда жүрүп жаткан саясий өзгөрүүлөр тууралуу жана аймактагы өлкөлөрдүн тынчтыкты жана туруктуулукту бекемдөөгө багытталган биргелешкен аракеттери боюнча да маалымат берди.


Жолугушууда тараптар мындан аркы кызматташуунун мүмкүнчүлүктөрүн жана БУУ алкагындагы өз ара аракеттенүүнү тереңдетүүнү талкуулашты. Конструктивдүү диалогду сактоо бүгүнкү күндөгү эл аралык мамилелердеги туруктуулук жана прогресс үчүн негизги шарт экендиги белгиленди.

Нью-Йоркко сапарынын алкагында министр Жээнбек Кулубаев деңизге чыгуучу жолдор жок өнүгүп жаткан өлкөлөрдүн тобунун жана Африка Биримдигине мүчө мамлекеттердин өкүлдөрү менен да жолугушууларды өткөрдү.(ZKo)


Шерине

XS
SM
MD
LG