Украина Кривой Рог шаарындагы кеминде 20 адамдын өмүрүн алган Орусиянын чабуулдарына байланыштуу Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Коопсуздук Кеңешин чукул жыйынга чакырды. Орусия жасаган чабуулдан Кривой Рог шаарында набыт болгондордун саны 20га, жаракат алгандар 75ке жетти. Набыт кеткендердин 9убалдар.
"Орусиянын өткөн аптада Кривой Рог шаарына жасаган баллистикалык ракеталык соккусунан тогуз бала каза болду, бул 2022-жылдан берки балдардын өлүмү эң көп катталган кол салуусу. Орусия мүмкүн болушунча көп адам курман болушу үчүн калктуу конуштагы балдар аянтчасын кассеталык бомба менен бутага алды. Украина Орусиянын кылмыштарына көңүл буруу үчүн Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин чукул жана Европа коопсуздук кызматташтык уюмунун туруктуу кеңешинин атайын жыйынын өткөрүү демилгесин көтөрдү", - деп жазды Украинанын тышкы иштер министри Андрей Сибига Х социалдык тармагына.
Анын белгилешинче, бул эки жыйын шейшембиде өтөт.
"Биз катуу айыптоого жана чечкиндүү чара көрүүгө чакырабыз. Орусия украиналык балдарга жана жарандарга карата террорду токтотуп, АКШнын ок атышууну толук токтотуу сунушуна жооп бериши керек. Украина бул сунушту буга чейин эле кабыл алган", - деп жазды Сибига.
Дүйшөмбүдө Украинанын борбордук бөлүгүндөгү Кривой Рог шаарында орус армиясынын соккусунан набыт болгондорду эскерүү үчүн үч күндүк, 9-апрелге чейин аза күтүү жарыяланды.
Чабуул учурунда жараат алган 30дан ашуун киши ооруканада жатат.
Орусиянын Коргоо министрлиги "жогорку тактыктагы сокку" аскер жетекчилери жана Батыштан келген окутуучулар катышкан жыйын өтүп жаткан жерге урулган билдирди. "Система" долбоору аныктагандай, ракета тийген райондо бир эле ресторан болгон.
"Настоящее время" телеканалы сокку урулган учурдагы байкоо камераларынан алынган видеотасманы жарыялады. Маалыматтарга караганда, ресторандын имаратында да, жанында да аскер кызматкерлери жок. Видео тасманы France24 телеканалы дагы жарыялаган. Канал көрсөткөн кадрлардан ресторандын имаратын көрүүгө болот. Ал жерде аскер кызматкерлери жок.
Шерине