Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:18

Муфтият никаб кыргыз коомуна бөтөн көрүнүш экенин билдирди


Жалал-Абадда коомдук жайларда никаб кийип жүргөндөргө түшүндүрүү иши учурунда тартылган сүрөт.
Жалал-Абадда коомдук жайларда никаб кийип жүргөндөргө түшүндүрүү иши учурунда тартылган сүрөт.

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы (Муфтият) никаб, паранжа динде парз эмес экенин, аялдар аны кийбесе күнөөкөр болбой турганын билдирди. Бул тууралуу Муфтияттын никабга байланыштуу кайрылуусунда айтылат.

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы диний маселеге келгенде шариятка, анык далилдерге таянуу менен гана сөз кылуу кажет экенин, аны ар кандай кызыкчылыктар үчүн колдонуу күнөө болуп саналарын эскертти.

“Азыркы заманда жүзүн ачып жүргөндөргө каршы коркунуч жок. Кудайга шүгүр, мамлекетибиз кубаттуу, жарандардын коопсуздугу көзөмөлдө. Коомдун салтына жана үрп-адатына бөтөн болгон нерсеге фатва берилбейт. Никаб биздин коомго бөтөн көрүнүш. Бүгүнкү реалдуулукта никаб кийген эже-карындаштарыбыздын атын жамынып, аялча кийинген бүлгүнчүлөрдүн коомдук коопсуздукка шек келтирүү ыктымалдыгы жок эмес. Ошондуктан тааныла тургандай жүз ачып жүрүү маанилүү”, - деп айтылат кайрылууда.

3-апрелде Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” мыйзам боюнча Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун аймагында элге түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөнүн кабарлаган. Коомдук жайларда никаб кийип жүргөндөргө эскертүү берилип, мыйзамды бузгандар административдик жоопкерчиликке тартылары айтылган.

Президент Садыр Жапаров быйыл январь айында “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” мыйзамга кол койгон. Бул документке ылайык, үймө-үй кыдырып даават айткандарга, коомдук жайларда жүзүн жашырган кийим кийгендерге 20 миң сомдон айып пул салынат.

Садыр Жапаров 5-апрелде никаб, паранжа кийгендерге түшүндүрүү иштери жүрүп жатканы жана аларга айып салынары боюнча пикирин билдирип, хижаб кыргыз тилиндеги жоолук деген эле сөз экенин жана буга каршылык жоктугун, болгону аны салынгандар жүзүн ачык алып жүрүшү керектигин айткан.

Никаб - аялдардын көзү гана ачылган, калган жүзүн жаап турган баш кийим. Айрым мусулман аялдар никабды хижабдын эң жакшы түрү деп эсептешет. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG