17-мартта Аксы районунун Боспиек айылындагы “Шейит мазарда” каргашанын курмандыктары эскерилди. Иш-чарага коогалаңда жакындарынан ажыраган жарандар, жарадар болгондор, президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Тилек Текебаев, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана тургундар катышты.
Эскерүү иш-чарасында Текебаев Аксы окуясы өлкөнүн демократиялык өнүгүү жолунда адилетсиздикке каршы жалпы элдик көтөрүлүштүн башаты катары бааланарын белгиледи.
Эскерүү иш-чарасынын жүрүшүндө маркумдардын элесине арналып орнотулган эстеликке гүл коюлуп, куран окулду.
2002-жылдын 17-мартында Аксыда бийликке каршы чыккан элге ок атылып, алты киши курман болгон.
Нааразы болгон эл мурдагы президент Аскар Акаевге импичмент жарыялоо боюнча демилге көтөргөндөн кийин камакка алынган депутат Азимбек Бекназаровду бошотуу жана Үзөңгү-Куушту Кытайга бербөө тууралуу талаптар менен чыгышкан.
Аксы окуясында Эркиналы Четимбаев, Кадыркул Сапаралиев, Медетбек Бекмуратов, Сатымбай Үркүнбаев, Советбек Тагаев, Элдияр Үмөталиев курман болгон. (TAb)
Шерине