Бишкектин Ленин райондук ички иштер башкармалыгы (РИИБ) 11-мартта кабарлагандай, милицияга былтыр сентябрда борбор калаанын тургуну кайрылып, белгисиз аял 650 500 сомун алдап алып кетти деп даттанган. Ал арызында акчасын алган аял "ай сайын 100 миң сомдон киреше түшүп турат" деп убада кылганын билдирген.
Арыздын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси ("Алдамчылык") менен кылмыш иши козголуп, иликтөө жүргүзүлгөн.
"Милиция кызматкерлери шектүүнүн тек-жайын аныктап, 1981-жылы туулган Р. Э. аттуу аялды кармашкан. Шектүү ушундай эле кылмышы үчүн үй камагына алынган болуп чыкты. Тергөө иштеринин алкагында ал дагы бир алдамчылык фактысына да тиешеси бардыгы аныкталды", - деп билдирди РИИБдин басма сөз кызматы.
Ленин райондук соту шектүү аялды Бишкектеги №1 тергөө абагына камакка алуу чечимин чыгарган.
Кыргызстанда соңку учурда интернет, телефон аркылуу шылуундарга алданып калган, ири суммадагы акчасынан кол жууган учурлар көбөйдү.
Уюлдук телефондогу тиркемелердин жардамы менен өздөрүн Улуттук банктан, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен, Ички иштер министрлигинен, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен жана башка мамлекеттик органданбыз деп тааныштырган, бир катар жарандардын акчасын алып, сызга отургузуп кеткен шылуундар чыгып жатканын аталган мекемелер маалымдашкан.(ZKo)
Шерине