Баткенде 4-мартта Достук айылынын тургундары менен курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жолукту.
Жолугушууда Орунтаев аталган айыл тургундарын көчүрүп чыгуу боюнча үч вариант сунушталып жатканын айтты.
Айылдыктарга же толугу менен акчалай кенемте төлөнүп, алар каалаган аймактан үй алып чыгып кете алышат, же Баткен шаар четине план менен айыл кайра курулат, же, каалашса, мурдагы жашаган жерине жакын Кызыл-Бел айылынын четине кайрадан типтүү айыл курулат.
Нурдан Орунтаев айыл үйлөрү, толук инфратүзүмү менен мамлекеттин эсебинен куруларын белгиледи.
Бул маселени чечүү үчүн бир жума убакыт берилгенин Достук айылынын тургундары билдирди. Жергиликтүү тургундардан атайын топ түзүлүп, кайсы сунуш ыңгайлуу, кайсы жерге көчүү, кенемте жана жер үлүштөрү боюнча талкуулайт. Жакынкы күндөрү бул маселе боюнча дагы жыйын курулары айтылды.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев 27-февралда Жогорку Кеңештин алты комитетинин биргелешкен жыйынында кыргыз-тажик чек арасы боюнча келишим тууралуу маалымат берип, Баткен районундагы Достук айылы Тажикстанга берилгенин, ордуна Тажикстандан 91 гектар суулуу жер жана үйлөр үчүн кенемте катары дагы 30 гектар жер алынганын айткан.
Достук – район борбору Баткенден 40 чакырымдай түндүк-батышта, Тажикстандын Исфара–Ворух жолуна жакын жайгашкан чакан айыл. 70тей турак жай бар. 2021-жылдагы чек ара жаңжалында он чакты үй талкаланып, кайра курулган. 2022-жылы да чек арадагы жаңжалда айыл дээрлик толугу менен талкаланып калгандыктан, айыл атайын план менен жаңыдан кайра курулуп, түптөлгөн. Социалдык мекемелер, мектеп баары жаңыланган. (JsA/ZKo)
Шерине