Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:29

Акыйкатчынын жана Европарламенттин өкүлдөрү Кыргызстандагы адам укуктарын талкуулашты


Мунир Сатури (оңдон экинчи) баштаган делегацияны акыйкатчынын орун басарлары Жанибек Жоробаев (ортодо) жана Айчүрөк Назаралиева (оң жакта биринчи) кабыл алды
Мунир Сатури (оңдон экинчи) баштаган делегацияны акыйкатчынын орун басарлары Жанибек Жоробаев (ортодо) жана Айчүрөк Назаралиева (оң жакта биринчи) кабыл алды

Кыргызстандын акыйкатчысынын орун басарлары Жанибек Жоробаев жана Айчүрөк Назаралиева Европарламенттин Адам укуктары боюнча кичи комитетинин төрагасы Мунир Сатури баштаган депутаттар тобу менен 27-февралда жолугушту.

Акыйкатчынын басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушууда сөз эркиндиги, тынч чогулуштарды өткөрүүнү камсыз кылуу, аялдар менен балдардын укуктарынын сакталышын камсыздоо жана зордук-зомбулукка жол бербөө маселелерин талкуулашты. Ошондой эле эрте никени алдын алуу жана бул боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарылдыгын белгилешти.

Жоробаев жарандардан кайрылуу көп түшөрүн, бул акыйкатчыга ишенимдин артып жатканынан кабар берерин айтты.

“Учурда Жогорку Кеңештин депутаттары “Акыйкатчы жөнүндө” конституциялык мыйзам долбоорун демилгелөөдө, бул институттун “А” статусун алуусу үчүн маанилүү кадам болот”, - деди Жоробаев.

Европарламенттин делегациясын 26-февралда президент Садыр Жапаров кабыл алып, Евробиримдик менен Кыргызстандын кызматташтыгы, анын ичинде Европарламенттин Кыргызстандагы адам укуктарына байланыштуу резолюциясы да талкууланган.

Былтыр жыл аягында, декабрда Европарламент Кыргызстандагы адам укуктарынын абалына жана Социал-демократтар партиясынын камактагы лидери Темирлан Султанбековго байланыштуу резолюция кабыл алган. Документте өлкө демократия жолунан тайганы жазылган. Ошондой эле аталган уюм менен расмий Бишкектин ортосундагы Кызматташтык жана өнөктөштүк тууралуу келишимдин алкагында демократиялык стандарттарды, жарандардын эркиндигин урматтоого чакырган.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги мындай дооматтарды четке кагып, резолюцияны өлкөнүн сот жана тартип коргоо органдарына "кысым көрсөтүү аракети" деп сыпаттаган.

Президент Садыр Жапаров Мунир Сатури менен жолугушууда Кыргызстан бир жактуу жана субъективдүү мамилеге туш болуп жатканын айтып, бул өзгөчө Европарламенттин Кыргызстандагы кырдаал боюнча кабыл алган резолюцияларында ачык көрүнүп турарын белгилеген. (TAb)

Шерине

XS
SM
MD
LG