Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:54

Майыптыгы барларга шарт түзбөгөн курулуш үчүн айып салуу сунушу өткөн жок


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Жогорку Кеңештин 26-февралдагы жыйынында имарат салган учурда майыптыгы бар адамдарга шарт түзбөгөн мекеме-ишканаларга жана жеке жактарга айып салуу боюнча мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, өткөн жок. Мыйзам долбоорунун демилгечиси, депутат Дастан Бекешев учурда майыптыгы бар адамдар бала бакчага, окууга жана жумушка барууда инфраструктуралык шарттын жоктугунан кыйынчылыктарга туш болорун белгиледи.

Мындан улам Укук бузуулар кодексине өзгөртүү киргизип, юридикалык жактарга 200 миң сом, жеке жактарга 20 миң сом айып салуу сунушталган.

Архитектура, курулуш жана коммуналдык чарба агенттигинин директорунун орун басары Талантбек Иманакун уулу мындай талаптар азыр деле бар экенин, майыптыгы бар адамдарга шарт түзүү каралбаган учурда курулуш долбооруна корутунду берилбей турганын айтты.

Депутат Элвира Сурабалдиева айып салууга жол ачкан мыйзам долбоорлору көп кабыл алынып жатканын белгилеп, бул документтин арты менен мамлекеттик мекемелер жеке сектордон пара талап кылуусуна мүмкүндүк берерин белгиледи.

Депутат Бактияр Калпаев “мындай долбоор менен өкмөттү, депутаттарды убара кылбаңыз” деп кайрылып, коллегаларын бул мыйзам долбооруна каршы добуш берүүгө чакырды.

Бекешев мыйзам долбоорун даярдоо анын депутат катары укугу экенин айтты.

“Курулуш компанияларына байланыштуу маселе көтөрүлгөндө эле ушундай көйгөй чыгат экен. Сиз өзүңүз айып салуу боюнча үч мыйзам долбооруна макул деп добуш бердиңиз. Керек болсо, далилдеп берем”, - деди Бекешев.

Калпаев “ар дайым айып салуу боюнча долбоорлорго каршы добуш берерин” кошумчалады.

Добуш берүүдө 27 депутат колдоп, жетөө каршы чыгып, мыйзам долбоору биринчи окуудан өтпөй калды.

Бекешев келтирген расмий маалыматка караганда, Кыргызстанда майыптыгы бар адамдардын саны 211 миңди түзөт. (TAb)

Шерине

XS
SM
MD
LG