Ички иштер министрлиги интернетте ички иштер органдарынын жетекчилеринин сүрөттөрү колдонулган жарнамалык басылмалар таркап жатканын билдирди.
“Ал жарнамаларда, ИИМдин Кибер бөлүмү брокерлерден жабыр тарткандарга бир нече күндүн ичинде акча каражаттарын кайтарып берүүгө жардам берери көрсөтүлгөн. Мындай аракеттер жарандарды адаштырууга багытталган алдамчылык схемаларынын бир бөлүгү болуп саналат. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги мындай билдирүүлөрдү жөнөтпөйт жана бул жайылтылып жаткан маалыматка тиешеси жок экендигин билдирет”, - деп жазылган ИИМдин билдирүүсүндө.
Ички иштер органдары тарабынан мындай чындыкка дал келбеген (фейк) маалыматтарды таратууга тиешеси бар адамдарды аныктоо жана аларды жоопкерчиликке тартуу боюнча чаралар көрүлүп, Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренеси ("Уюшкан топту түзүү же ага катышуу") боюнча кылмыш иши козголгон.
Маалыматка ылайык, 1-февраль күнү ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери ушундай укукка каршы жосундарга тиешеси бар шектүү Чүй облусунун тургуну, кош жарандыгы бар 1985-жылы туулган, С.М. аттуу жаранды аныктап, кармаган.
Шектүүнүн убактылуу жашаган жеринен тинтүү учурунда накталай акча каражаттары, роутерлер, банк карталары, уюлдук компаниялардын 90 даанадан ашык сим-карталары, сим-бокс жабдуулары табылып, алынган.
Сим-бокс (SimBox) - бул уюлдук байланыш тармагын алдап, эл аралык чалууларды жергиликтүү деп жашыруу үчүн колдонулуучу шайман. Алдамчылыктын бул ыкмасын шылуундар көбүнчө эл аралык чалууларды ички же акысыз чалуулардын баасына жасоо үчүн колдонушат. (KbA)
Шерине