Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:31

Кантта мушташта жараат алган окуучу каза тапты


Иллюстрация
Иллюстрация

Чүй облусунун Кант шаарында окуучулар мушташып, бири алган жараатынан өзүнө келбей каза болду. Маалыматты облустук милиция “Азаттыкка” ырастады.

Маалыматка караганда, 22-январда 16 жаштагы Ч.Д. аттуу бала өзүнөн бир жаш улуу окуучу менен мушташкан учурда жараат алган. Ал ооруканага жаткырылып, операция болгон, 25-январда алган жараатынан улам өзүнө келбей каза болгон.

Окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Ден соолукка оор зыян келтирүү” беренесинин негизинде кылмыш иши козголду.

Тергөөнүн алдын ала маалыматына ылайык, окуучулардын ортосунда пикир келишпестик жаралып, ал мушташка жеткен. Экөө тең жараат алган. Мушташка эмне себеп болгону кабарланган жок.

Учурда мугалимдер жана ошол мектептин окуучулары мыйзамдуу өкүлдөрүнүн катышуусунда суралып жатканы кабарланды. Соттук-укуктук дайындалып, тергөө жүрүүдө.

Кылмыш ишин Чүй облустук милициясынын жетекчилиги көзөмөлдөп жатат.

Буга чейин Акыйкатчы тиешелүү мамлекеттик органдарды мектеп окуучуларынын коопсуздугун камсыздоого, аларды зомбулуктан, ырайымсыз, одоно мамиледен жана укуктарын, эркиндиктерин басмырлаган башка аракеттерден коргоого чакырды.

Мекеме 2023-жылы өлкөдөгү мектептерде мониторинг жүргүзгөндө сурамжылоого катышкан окуучулардын 50% мектепте чоңсунуу, өкүмзордук же буллинг бар экенин айтышкан.

Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, 2024-жылы он айда Кыргызстанда 75 бала өз жанын кыйган. Милиция буга балдардын ата-энеси миграцияда жүргөнү таасир эткенин билдирген. Ал эми алардын басымдуу бөлүгүнүн жакындары балдардын өлүмүнө айлана-чөйрөсүндөгү буллинг, мектептеги рэкетчилик себеп болгонун айтышкан. (КЕ)

Шерине

XS
SM
MD
LG