Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:02

Нобель сыйлыгынын лауреаты Азиз Санжарга ТҮРКСОЙ уюмунун “Түрк маданиятынын элчиси” наамы ыйгарылды


Султан Раев жана Азиз Санжар.
Султан Раев жана Азиз Санжар.

Нобель сыйлыгынын лауреаты, түрк дүйнөсүнөн бул сыйлыкка татыган алгачкы атактуу окумуштуу Азиз Санжарга ТҮРКСОЙ уюмунун “Түрк маданиятынын элчиси” наамы ыйгарылды. Сыйлык АКШнын Түндүк Каролина штатында “Азиз Санжар” борборунда тапшырылганын уюмдун башкы катчысы Султан Раев Фейсбук баракчасына жазды.

“Бул наамды тапшыруу аземинде Азиз Санжарга улуу тоолордун символу болгон кыргыздын ак калпагын, казактардын хан чапанын, өзбектердин бел курчоосун, азербайжандардын эркиндик символу Хары-Бүлбү төш белгисин, түрктөрдүн аристократиялык белгисин туюндурган “бастонду” (таякты), түркмөндөрдүн улуу акыны Махтумкулинин ыр жыйнагын тартууладык”, - деп жазды Раев.

“Түрк маданиятынын элчиси” наамы 2023-жылы ТҮРКСОЙ курамына кирген Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Түркия өлкөлөрүнүн маданият министрлеринин туруктуу кеңешинде негизделген. Бул наам маданият, өнөр жана илим жаатындагы дүйнөлүк кадыр-баркы, атагы бар инсандарга ыйгарылат.

Азиз Санжар 1946-жылы Түркиянын Савур шаарында туулган. 1969-жылы Стамбул университетинин медицина факультетин бүтүргөн. 1971-жылы АКШга көчүп барып, 1988-жылдан бери Чапел-Хиллдеги Түндүк Каролина университетинин профессору. 2005-жылдан бери АКШнын Улуттук илимдер академиясынын мүчөсү.

2015-жылы химия боюнча Нобель сыйлыгын алган.

Шерине

XS
SM
MD
LG